super.kg logo

Эл өкүлү: "Тажик айылдарын аралап барган окуучулар үчүн өз айылдарына мектеп куруу керек"

 

Бүгүн, 3-апрелде парламенттин жыйынында депутат Карамат Орозова Баткен облусунун чек ара аймактарындагы абал боюнча өкмөткө кайрылуу жасады.

Карамат Орозова Баткен облусунун, айрыкча Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр айылдарында дайыма жаз маалында Тажикстан эли менен чатак чыгарын белгиледи. Мындан тышкары ал жергиликтүү тургундардын тынчтыкты камсыздоо сыяктуу бир катар талаптарды коюп жаткандыгын тизмектеди.

"Өкмөт аталган айыл өкмөттөрүнүн айылдарына 1-категориядагы чек ара макамын берүү, чек ара заставаларын оӊдоп-түздөө, андагы аскерлердин санын көбөйтүү керек. Ак-Сай айыл аймагына өзүнчө милиция бөлүмүн ачуу, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына ФАП ачуу, Самаркандек, Паскы-Арык айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу каналдарын куруу, айыл тургундарын жумуш менен камсыздоо, жеӊилдетилген ссудаларды берүү, үйлөрдүн документтерин тактап бүтүрүү маселелерин чечип берүү зарыл. Бул талапты Баткендин эли коюп жатат. Ошону менен катар тажик айылдарын аралап мектепке барган окуучулар үчүн өз айылдарына мектеп куруу абзел", - деди Орозова.

Учурда Жогорку Кеӊеште Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселе жабык каралууда.






Депутат Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин элди түйшөлткөн маселелерди айтты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: