super.kg logo

ЖЭБ боюнча сотто Сапар Исаков судьяга кайрылуу жасады

 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" боюнча айыпталган мурдагы 8 аткаминердин иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Бүгүн эки жактоочу келбей калганына байланыштуу соттук отурум кийинки аптага жылдырылды. Буга башка жактоочулар нааразычылыгын билдиришти. Мындан сырткары айыпталуучуларды көрөбүз деп коридорго чогулган туугандары да залга кирбей калып судьяга нааразы болушту. Ортодон тартипти сактап турган милиция кызматкерлери уруш угуп, айрым аялдар аларды каргаганга чейин барышты.

Соттук отурумда "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков судьяга кайрылуу жасады.

Сапар Исаков өз сөзүндө сот ачык өтүп жатканына байланыштуу ага айыпталуучулардын тарапташтарына да катышууга мүмкүнчүлүк берилиши керектигине токтолду. Андан сырткары ал залдан журналисттер чыгарылганы туура эмес экенин белгиледи.

"Сотко биздин тарапташтар да сөзсүз катышуусу зарыл. Баары ачык болушу керек деген ойдомун. Соттук отурумга журналисттер да өздөрү катышып, айыпталуучуларга кайсы кылмыштар боюнча күнөө коюлуп жатканын, мамлекеттик айыптоочулар эмне деп жатканын көрүшсүн, жазышсын", - деди Сапар Исаков.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат" деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.






Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум өттү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
03.04.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эчнерсе болбойт Атамбайдын убагында да ушинтип какшанган саясий курмандар ошондо силер унчукпай олтургансынар Эми коп какшанбагыла пешененерге жазганын коросунор дагы илгеркидей эмес
03.04.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nursbaike, Жок калп. Сапардын эч куноосу жок. Жээнбековтун эл арасында эч кандай кадыр баркы жок эле. Атамбаевтин аркасы менен бийлике жетип, эми элдин эч бир умутун актаган жок. Тескерсинче С. Исаковго окшогон таза иштеген адамды коро албай саясий буюртмаларлын ишке ашырууда. Атамбаев бекер ушул Жээнбековту бийлике алып келген. Жээнбеков колунан эч нерсе деле келбейт. Жээнбековду азыр эч ким колдобойт.
yrmat88 түзөттү 2019-04-03 17:57:59
03.04.2019. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
yrmat88,Сапаш Ашанын курмандыгы болуп жатат
04.04.2019. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tolkun555, курмандыгы болгудай сапаш кой беле
03.04.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз эли ушундай саясатчылардын айынан артка кетип жатабыз. Мамлекетке барып алышып, миллиондорду сол чөнтөккө салышып ири зыянга учуратып, кийин баарын жеп ичип алгандан кийин саясий буйрутма деп алакандарын жайышат аман эле болгула.
03.04.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сапар Исаковтун эч куноосу жок. Жээнбековтордун куугунтуктоо саясаты. Жээнбековторду короюн деген коз жок.
03.04.2019. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
АШАнын убагында да ушинтип соттогонсунар анча мынча чон чиновниктерди эми гана чырылдап калбастан озунор дагы даамын татып когуло да.
04.04.2019. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар курдаш келечекте президент болчу адам! Жээнбеков-Атамбаев тирешинин курмандыгы болду ((
05.04.2019. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А балии Сапар эми эсине кирипсин Неге Садыр Жапаровтун соту болуп жатканда азыркы суранычтарынды пикиринди айтпагансын Журналистер жана Садырдын тарапташтары кирсин деген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: