super.kg logo

"Цементтелген ажаткананын тешигине чоң адам батпагандыктан эмне кыларыбызды билбей калдык" дейт ажатканага түшүп кеткен 1 жарым жаштагы наристени куткарган жаран

 
Ажатканадан наристени алып чыккан Эламан Абдилашимов
Урмат Маматов

Кечээ, 2-апрелде Бишкектеги Арча-Бешик конушунда дааратканага 1 жарым жашар кыз түшүп кеткен. Наристени коңшулары 7 жашар баланы аркан менен дааратканага түшүрүп, аман алып калышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына наристени ажатканадан алып чыккандардын бири Урмат Маматов билдирди.

Анын айтымында, окуя саат 17:00 чамасында орун алган. Анда 2 жарым жана 1 жарым жашар кыз короонун ичинде ойноп жатып, кичинекейи ажатканага түшүп кеткен.

"Мен бул үй-бүлө менен кошуна турам. Жумуш кылып жатсам эле кыйкырык чыгып калды. Барсак эле кыз дааратканага түшүп кетиптир. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Себеби ажаткананын отурчу жери цементтелгендиктен, тешигине чоң адам батпайт. Тереңдиги 5 метрдей бар. Цементти талкаласак сыныгы кыздын бир жерине тиеби деп да корктук. Ал убакта кыз ыйлап жаткан, бир убакта үнү чыкпай калды. Көчөгө чыгып эле ойноп жүргөн бир кичине баланы чакырдык.

Анын белине аркан байлап эле түшүрдүк. Алгач бала көрүнбөй жаткан. Эламан түшөрү менен алдынан бирөө түртүп жибергенсип, өйдө чыгып калды окшойт. Эламан шак эле көтөрүп чыкты. Мен ала коюп эле крандагы агып жаткан муздак сууга бир сыйра чайкай салып, үйгө көтөрүп кирдик. Ошол замат ооруканага алып кетишкен. Азыр кыздын ден соолугу жакшы экен. Эч жеринен жаракат албаганын айтышты. Ал эми биз ымыркайды аман алып калып жатканыбызга сүйүнүп жатабыз", - дейт Маматов.

Ошондой эле алар ӨКМнын куткаруу кызматын чакырышкан эмес. Болгону тез убакытта чара көрүлгөндүктөн кыз аман калды деп кошумчалайт Урмат Маматов.

Ал эми кызды куткарган баланын аты-жөнү Эламан Абдилашимов 2-класстын окуучусу. Анын бул эрдигин кошуналары баалап, ал эми наристенин ата-энеси ыраазычылык билдирип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
03.04.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азаматсынар,!!!Кыздын корор куну бар экен,кудайга шугур!
03.04.2019. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсыз.кудай сактаптыр
03.04.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Туалеттин тешигин ошончо да чоң кыласыңарбы,даже 2-класстын окуучусу батып кетиптир.Дагы жакшы наристе аман эсен куткарылыптыр.Негизи туалеттин тешигин өзүңөрдүн чама чаркыңарга размерине карата эле жасасаңар.Жөн эле уй чыча тургансып аңырайтып жасап койбой.
03.04.2019. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өх,кудайыма шүгүр!!!Көздөн жаш тегеренди
03.04.2019. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат. Чыныгы эр журок мырза. Экоонун ден ден соолугу чын,омуру узун болушсн.
03.04.2019. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azamatsyn besh saga ,,, Jany baatyr payda boldu seni kanday baatyr dep atasak eken
03.04.2019. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эламанга да ,Маматов деген жаранга да сыйлык тапшырылышы керек!Азаматсынар,бул кылган жакшылыгынар озунорго жуз эселеп кайтсын,чон эрдик кылдынар...
04.04.2019. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жытына ууланып калбаптыр, этият болуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: