super.kg logo

4G LTE түйүнүн өнүктүрүү: О! Мобилдик оператору дагы жаңы 70 базалык станциясын курду

 

О! Мобилдик оператору бүт Кыргызстан боюнча кеңири тилкелүү 4G LTE мобилдик интернетин активдүү түрдө кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Буга чейин курулган 500 базалык станцияларына кошумча катары, өткөн жумада байланыштын жаңы объектилери колдонууга берилип, О! түйүнүнүн жогорку ылдамдыктагы 4G LTE интернети менен 70 калктуу пунктун 128 миңден ашуун тургундары камсыз болду. Алардын катарында жыл сайын миндеген туристтерди кабыл алган өлкөнүн курорту Ысык-Көл облусу да бар.

О! Мобилдик операторунун техникалык адистеринин аракеттеринин натыйжасында, сигналды кабыл алуу күчөтүлдү жана төмөндөгү шаарлар менен калктуу пункттарда 4G LTE түйүнүнүн камтуусу кеңейди:

Чүй облусу: Киров, Хун Чи (Бөлүк), Первомайское, Алиаскар Токтоналиев атындагы, Интернациональное, Карагай-Булак, Кызыл-Арык, Сын-Таш, Ысык-Ата, Нижняя Серафимовка, Степное, Ак-Сөөк, Эркин-Сай, Учкун, Кара-Ой, Ленин атындагы, Талды-Булак, Арал, Садовое;

Ысык-Көл облусу: Каракол, Сары-Камыш, Отрадное, Тилекмат, Желе-Дөбө, Жети-Өгүз (Курорт), Талды-Булак, Жаркынбаев, Чоң-Өрүктү, Өрүктү-Хутор, Бар-Булак, Шор-Булак, Ой-Тал;

Нарын облусу: Кызыл-Туу, Кызыл-Эмгек, Миң-Булак;

Талас облусу: Куру-Маймак, Чымгент, Түйтө, Көк-Таш, Новодонецкое, Чат-Базар;

Жалал-Абад облусу: Боспиек, Кокандык, Михайловка, Подгорное, Багыш, Кызыл-Туу, Коргон, Терек-Суу, Чоң-Арык, Кызыл-Ураан, Саргата, Кызыл-Жар;

Ош облусу: Курманжан Датка, Папан, Ак-Терек, Кызыл-Туу, Кара-Таш, Нойгут, Капчыгай, Беш-Буркан, Киров атындагы;

Баткен облусу: Чек, Кызыл-Бел, Дархум, Булак-Башы, Көк-Таш, Кызыл-Коргон, Токой, Кызыл-Булак.

"Биз абоненттерибиздин жогорку ылдамдык менен мобилдик интернеттин сапатына койгон талаптары жана күтүүлөрүнө максималдуу түрдө шайкеш келүү үчүн бүт өлкө боюнча 4G LTE базалык станцияларынын санын көбөйтүүнү улантуудабыз", – деп жыйынтыктады компаниянын техникалык директору Антон Коваленко.

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды "О! түйүнүнүн өнүгүүсү" бөлүмүнөн табасыз.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

***

О! операторунун 4G LTE-түйүнү– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(19)
03.04.2019. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык экен,бирок Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылында базовый станция таптакыр жок.Сиздердин адистерге кайрылсам жакын арада коюлат деген жооп келди эле.Качан коюлат тагыраак маалымат берип коё аласыздарбы? Алдын ала чоң рахмат
03.04.2019. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tynchtykbek8484, саламатсызбы. Суроонузга рахмат. Техникалык кесиптештерибизден жооп алып Сизге жазабыз.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.

03.04.2019. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Okgmobile, Чоң рахмат, ишиңиздерге ийгилик каалайм!!Жана жакшы жаңылык угам деген үмүттөмүн
03.04.2019. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде базовый станция жок, интернетке кирүү кыйынчылык жаратып жатат
04.04.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tynchtykbek8484, саламатсызбы.

Азырынча Сиз айтып кеткен районуңузга 4G базалык станция орноштуруу компаниянын пландаштыруусунда жок, бирок жарым жылдын ичинде Сизге жакын айылда жабдык коюлат экен, андан сон Ак-Тетир айылында байланыш пайда болот.

Урматтоо менен,
О! командасы.
04.04.2019. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okgmobile, Кыскасы Чолпон-Атага базовый станция курулбайт экен да,аянычтуу.... Абдан өкүнүчтүү, аракет кылдык эле, бирок оңунан чыкпай калды... Макул акыры сиздердин компания болбосо да башкасы коюп калаар...Эмнеси болсо да ишиңерге ийгилик эле каалайм, биздин айылга болбосо да башка аймактарга пайдаңар тийип жатат...
04.04.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак-Тектирде коюлган менен башка айыл да, Чолпон-Ата айылына койсоңор жакшы болмок,коңшу айылдарга пайдасы абдан чоң болмок..
Tynchtykbek8484 түзөттү 2019-04-04 19:04:54
04.04.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин кайрылуунуз COVER-3630 каралды. Интернеттин ылдамдыгын жогорлотуу учун, бир нече айдын ичинде 4G базалык станцияны орноштуруу каралууда... Деген жооп келгенде абдан сүйүндүк эле, тилекке каршы сүйүнүчүбүзгө суу сепкендей болдук....
04.04.2019. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okgmobile,Биз айтып кеткен район эмес,айыл болчу да.... Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылы.....
03.04.2019. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АК ордо 3 то ошка связь вопще олуп калган вот Билайн рулит.....
03.04.2019. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiba.8327, Саламатсызбы! Сизден текшерүү үчүн түзүлүштөгү номерди жана так даректи жеке билдирүү менен билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
03.04.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин айыл бар экен
03.04.2019. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадамжай районунун Пум айылында эч кайсы компаниянын станциясы жок телефон такыр иштебейт 4G койдук деп мактана бербей ошондой айылдардыда карап койсонуздар болот.
03.04.2019. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Topchu83, Саламатсызбы. Сурооңузга рахмат. Сиздин районуңузга 4G базалык станция орноштуруу компаниянын пландаштыруусунда жакынкы жарым жылда бар. Тилекке каршы, так убактысы белгисиз. Андан соң интернеттин ылдамдыгы жана байланыштын сапаты жогорлойт.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
03.04.2019. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okgmobile,саламатчылык мен жашаган айылда жакшы 4G да бар мен коншу айылды жонундо айттым 4G эмес такыр байланыш жок антена чыкпайт эч кайсы компанияныкы
04.04.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Topchu83, макул, тушундук. Маалымат бергенинизге рахмат. Техникалык адистерибизге жаздык. Жарым жылдын ичинде жабдык коюлат.
04.04.2019. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okgmobile,Арыбаңыз! жогорлойт эмес жогорулайт деп жазыңыз. Сабатсыз эмессиз деген ойдомун
04.04.2019. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barsbegKG, саламатсызбы. Байкаганыңызга ыракмат, оңдоп коёбуз.
04.04.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мурда биздин айылда жок эле эми 4G коюлуп жакшы болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: