super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын жаңы лидеримин деген Сагынбек Абдрахманов журналисттерден качты

 

Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланды.

Ал "КСДПнын лидеринин шайланышынын юридикалык жагы кандай болот?" деген журналисттердин суроосуна жооп бербей качты. Журналисттер анын артынан ээрчип алгандыктан бул суроого жооп берүүгө аргасыз болду. "Бул жерде бизде юристтер бар. Бүгүнкү съезддин чечимине партия баш ийиши керек", - деди ал.

Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидери болууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн.






"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын лидери журналисттерден качты

"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын лидери журналисттерден качты-2

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: