super.kg logo

Атасы чынжыр менен жылыткычка байлап койгон кыз ата-энесине берилди

 

Ошто атасы чынжыр менен жылыткычка байлап койгон кыз ата-энесине берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.

Раеванын айтымында өспүрүмдүн атасына Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен иш козголуп, 25-декабрда Ош шаардык соту кыздын атасын 3 айлык коомдук ишке тартуу чечимин чыгарган. Ал эми февраль айында бул иш өндүрүштөн кыскартылган.

"Биз бул аралыкта кыздын жашаган жашоо шарты менен таанышып чыкканбыз. Ал эми ал жаран жазага тартылгандан кийин балдар үйүндөгү кызынан тынымсыз кабар алып турган. Ошондой эле жаза мөөнөтү учурунда башка дагы туура эмес иштерди жасабагандыгын эске алуу менен кызды ата-энесине кайтаруу чечимин чыгардык. Биздин кызматкерлер эми ай сайын кыздан кабар алып турушат. Учурда кыз мектепке барып, окуусун улантып жатат. Жашоосу, ата-энеси менен мамилеси жакшы", - деди Раева.

2018-жылдын 5-октябрь күнү Ош шаарынын эс алуучу сейилбагынын биринде, бир бутунда чынжыр байланып жүргөн кыз тууралуу милицияга маалымат келип түшүп, милиция айтылган даректен бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжыры бар 9 жаштагы кызды көрүшкөн.

Кыз атасы аны тентектик кылып сыртка чыккандыгы үчүн чынжыр менен байлап койгондугун билдирсе, атасы кызын коркутуп коюу үчүн бул кадамга барганын айткан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: