super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалдан кийин жергиликтүү калк мамлекет коопсуздукту сактай албаса, өздөрү жерди сактап калууга күчтөрү жете турганын айтты"

 

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жыйын өтүп жатат. Анда депутат Таабалды Тиллаев чек арага жакын жайгашып, статус алган айылдарда жашагандардын пенсиясы менен айлыгын жана башка төлөмдөрүн 2 эсеге көбөйтүү керектигин белгиледи.

"Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынын көйгөйлөрүнө токтолоюн. Ал жактагы айрым айылдардагы үйлөрдү, жер тилкелерин коңшу мамлекеттин жарандары сатып алып жаткандыгына тынчсызданып жатабыз. Мындай олуттуу маселелерди тез арада чечүү керек. Ошондой эле чек ара айылдарын бардык салыктардан бошотуу сыяктуу ыкчам чараларды көрүү зарыл. Анткени 2010-жылдан бери Баткен районунун Таш-Тумшук айылында 103 үй 43 Тажик жарандарына сатылган. Биздин 620 гектар жайытты Тажик жарандары пайдаланып жатат. Алардын 160 гектар жерин колдонуудабыз. Ак-Сайдын жанына 37 үй салынды. Лейлек районунун Максат айылында 31 гектар жер тажик тарапка өтүп кетти. Садыр айылында 27 гектар, Кулунду айыл өкмөтүндө 28 гектар өттү", - деди Тиллаев.

Эл өкүлү Таабалды Тиллаев Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан кийин жергиликтүү калк менен жолуккан. Анда жергиликтүү эл мамлекет коопсуздукту сактай албаса бардык органдарды чыгарып кетишин талап кылып, чек араны өздөрү сактап калганга күчтөрү жете турганын жана ага даяр экенин билдиришкенин айтты.

Учурда аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында жабык каралууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: