super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Гүлжигит Сатыбеков Санкт-Петербургдагы концертине 4 саат кечигип келип, 1 саат ырдап алып кетип калды" дейт окурман

 

"Эли-жерибизди сагынып турган мигранттарга мекенибизден келген ырчылар жакын көрүнүп, концерттеринен калбай барабыз. Ошондой ырчылардын бири Гүлжигит Сатыбеков Орусиянын Санкт-Петербург шаарына концерт коюп келди. Чогулган эл Гүлжигиттин чыгышын 4 саат күттү", - деп жазат окурман "ЭЛДИК КАБАРГА".

"31-мартта концерт уюштурган Гүлжигит Сатыбеков аны 4 саат кечиктирип баштады. Өзү кеч башталган концертте Сатыбековдун ырдап чыгуусун зарыгып күткөнүбүз канча? Ага чейин куудул Жакут Сыдыков бир нерселерди сүйлөп, ырдап, дагы бир Улан Осмон уулу деген жаш ырчы ырдап жатты. Кечигип келген Гүлжигит Сатыбеков 1 сааттай ырдады дагы концертин бүтүрүп койду. Кийин чогулган элди күттүргөнү үчүн уялып калганбы, "2-апрелде кайра концерт болот, бүгүнкү сатып алып кирген билеттерин 2-апрелдеги концертке көтөрүп келгендер бекер кирет дешти. 2-апрелде билетин көтөрүп баргандар деле 500 рубль төлөп билет сатып алышты. Акчасы да мейли эле, элдин убактысын сыйлап ырчылар концертин өз убагында келип башташса жакшы болмок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
04.04.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чынында ушундай болсо анда жаман болуптур.Кобунчо ортомчулар ар нерсе деп жазып элди алдашат.Эми Гулжигиттин оз оозунан жооп уксак жакшы болмок!
04.04.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Силерге дагы жакшы келиптир, былтыр бизгеда тынар келет деп билеттерди сатышып тынар пынары жок откон
04.04.2019. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулжигит питерде 2016 деле ушундай 2,3 ыр менен кеткен
04.04.2019. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул кылганы туура эмес чынында, Россияда туруп концерт коюп барса суйунушуп кана киршетда кыргыздар журогундогу сагыныч менен....
04.04.2019. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу ушул ырчы чоорчулар келбей эле койсо жакшы эле бир саат концерт койушат да туну менен дискотека болот жаштар кообунун бузулушуна себепкер болуп жатышат !!!
nurzat8787 түзөттү 2019-04-04 21:53:41
04.04.2019. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх артистерда элди алдап акчаларын жеп баштаптырда...элди баарыле алдап байкуш ел....
04.04.2019. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмгеги сиңсе да ушинтип кантип айтсын."ммм эми кайсы ырды ырдап берейин дагы"дегени жакпады.Туура эмес
06.04.2019. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Томск шаарына Омар менен Назгул деген концерт койот дегенде алар дагы 4 5 саат кечигип келип бир саат ырдап кетип калышты, когцертке тойбогондор туну менен дискотека кылышып
06.04.2019. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
konsertke barbai ele internetten kaalagancha yrlaryn ugup algyla, zachem ubaktynardy tekke ketirip 4saat kuttunor.
08.04.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит мындан эки жыл мурда да Кызыл-Кыя шаарына концерт койгону келип, ушундай акыбал болгон. Биз Гулжигиттин аккордеон менен ырдаган ырларын уй-булобуз менен суйуп укчубуз, а бирок, концертте эл Гулжигиттен аккордеон менен ырдап бер деп суранса "МЕНИН АККОРДЕОНУМ, УЙУМДО КАЛЫП КАЛЫПТЫР, КИЙИН ЫРДАП БЕРЕЙИН"-деп ырдабай койгон. Концертте баякы эле куудулдары, ар демкени тандырат, убакытты откорушту. Гулжигит эстесен брат, Сен ошондо болгону 7 ыр ырдагансын. Мен ал жерде эсептеп олту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: