super.kg logo

Бакыт Төрөбаев: "Бүгүн сиздер менен чогуу революция жасайбыз"

 

Депутат Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаарындагы заманбап модернизациядан өтүп, суткасына 120 тонна буудайды иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар “Дан-Юг” ун заводунун ачылышына катышты. Аталган завод “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан ачылган 33 ишкананын катарына кирет.

Депутат бул завод ЕАЭБге киргенден бери иштебей, мында эмгектенгендер чет өлкөгө мигрант болуп кетишкенин, казынага 650 миллион салык түшпөй калганын, кошуна өлкөлөрдөн аткезчилик аркылуу кирген ун базарларды каптап, ага өкмөт убагында чара көрбөгөндүгүнө токтолду. Эгерде завод иштесе, адамдар жумуш менен камсыз болуп, мамлекетке салык түшөт, темир жол иштеп, социалдык фондго, пенсияга, жөлөк пулга жардам болорун эл өкүлү кошумчалады. Ошондой эле мекендештерди ата мекендик өндүрүштөн чыккан продукцияларды сатып алууга чакырды. Анткени, ар бир сатылган товар – бул бир жумуш орундун сакталып калышына жардам болоорун эл өкүлү билдирди.

Бакыт Төрөбаев заводдун ачылышына келген катышуучуларга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып: “Бүгүн сиздер бата берип, кнопканы басасыздар. Сиздер менен чогуу революция жасайбыз. Бул бийликти басып алуу эмес, индустриализация сыяктуу жаңы технологиялык түзүлүштүн өнүгүүсү болот. Урматтуу өкмөт! Облустук администрация, мэрияга кайрылам. Эгерде ата мекендик өндүрүшкө бүгүнкүдөй кайдыгер мамиле жасап, коргоо чараларын көрбөсө жалпы өндүрүш кыйроого учурайт. Кайсы тармак болбосун, биз өзүбүздүн оюбуз, тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз жана кантип жумуш орун түзүүнү билебиз”, - деди Төрөбаев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: