super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Жеңишти колдон чыгарып жибергенибизге газондун абалы чоң таасирин тийгизди"

 

"Дордой" - "Алтын Асыр" беттешинде талаа ээлеринин жеңишти колдон чыгарып жиберишине оюн талаасындагы газондун таасири чоң болду. Мындай пикирин беттештен кийинки маалымат жыйынында бишкектик клубдун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы оюн талаасы мыкты даярдалган.

"Беттеш баарыңыздар көргөндөй кызыктуу болду. Биздин оюнчулар бир топ кооптуу абалдарды түзө алганы менен, жыйынтыктоочу этапта бир аз көйгөйлөр орун алды.

Газондун абалы да оюнга чоң таасирин тийгизди. Биз сапаттуу газонго муктаж экендигибизди көрүп турдуңуздар. Өткөн жылы Индия курама командасы менен ойногонубузда талаанын абалы абдан жакшы эле. Бирок жеңишти колдон чыгарып жибергенибизге талаа күнөөлүү эмес. Өзүбүз түзгөн мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланышыбыз керек эле.

"Алтын Асыр" өз стилинде узун пастар аркылуу жөнөкөй чабуул коюу менен ойнойт деп күткөнбүз. Баары биз күткөндөй болду, атаандаш бизге эч кандай табышмактуу оюн көргөзгөн жок. Демек, беттештин соңку мүнөттөрүндө жеңишти колдон чыгарып жибергенибиз үчүн жоопкерчиликти өз моюнубузга алышыбыз керек.

Павел Матяш бүгүн абдан жакшы оюн көргөздү. Азия Кубогундагы Павел башка, бүгүнкү Павел башка. Атаандаш эсепти теңеген учурда да бир нече жолу дарбазаны сактап калды. Матяш өз милдетин так аткарды. Анын аткарган жумушуна мен толук канааттандым", - деди Крестинин.

АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алгачкы турунда орун алган "Дордой" - "Алтын Асыр" беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Мелдештин кийинки турунда бишкектик команда Тажикстандын "Худжанд" клубу менен беттешет. Оюн 17-апрелде Худжанд шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
03.04.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Полядан чаң чыгатко чиркин, жашыл чөптөн чаң чыгат деген эмне деген шумдук болом. Биздикилер мыкты оюн көргөзүштү азаматсыңар.
Ушул оюнду чоңдордон бирөө жарым көргөн болсо жогорку кеңеште стадион тууралу маселе көтөрөт деп үмүт кылып туралы, бирок убакыт көргөзөт
03.04.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аккула ат майданы дагы мынча чаныбайт чындыгында.
03.04.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят эле стадиондун тусуну кара
03.04.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизда поляны коруп тан калып жазып да жаттык поля жеенбековтун бетиндей болуп калыптырго
04.04.2019. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Munar90Munar,Жээнбековто бет жок да.
04.04.2019. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Munar90Munar,ха ха ха жардын
04.04.2019. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Munar90Munar,Жээнбековдо не күнөө ,жыл айлана элек го. Тоогуң туубаса да Жээнбеков дей бер. Ойлонуп сүйлөгүлө да.
04.04.2019. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийликтин спортко болгон мамилеси уят уят дагы бир жолу уят...
04.04.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кийинки оюнду Ошко келип өткөргүлө. Биздеги газон февралда эле көгөрүп даяр болуп калган
04.04.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Поляга деле акча болунот чоп остургону бирок ал жетип келбейтда жеп койушат
04.04.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стадиондун жетекчилигин кызматтан кетириш керек! Ото эле уят! Башка жакты корбогондо мен да унчукбай калмакмын. Бир газонду даярдаганга беш алты ай керек дейт. Мен Москвада Спартак, Лужники стадиондорунда иштегем. Жаан чачындан футбол аянтын коргош анчалык деле кыйын эмес. Газон остуруп кароого ала турган бригада алса иш анчалык татаал болбойт. Андай газон сугара турган, футбол аянтын жаан чачындан коргоп жаба турган жабдыктар, газон тегиздеп кырка турган машиналар Кыргызстанда деле бар. Коруп ж
04.04.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааламда жок поля бизде бар да эх чиркин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: