super.kg logo
  Спорт  

Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курамасы Босния жана Герцеговина курама командасын жеңип алды

 

Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын 3-турунун алкагында Кыргыз улуттук курамасы Босния жана Герцеговина курама командасын жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, квалификациялык турнир Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат. Аталган оюнда Кыргыз курама командасынан Владимир Носов, Максим Егоров, Владимир Тонких, Саламат Тыналиев, Олег Колодий, Даниил Шушенков, Жанболот Тагаев жана Михаил Чувалов айырмаланып атаандаштардын дарбазасына 14 шайба киргизишкен. Жыйынтыгында оюн 14:3 эсеп санында Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктаган.

Тандап алуу оюндарынын 1-турунда Кыргыз курамасы Кувейтти 14:0 эсебинде, ал эми 2-турда Таиландды 6:2 эсебинде утуп алган. Азыркы тапта Кыргыз курамасы тандап алуу тайпасында алдыңкы орунда.

Ал эми бүгүн, 4-апрелде Кыргыз курамасы Гонконг курамасы менен кез келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
04.04.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга жигиттер тоолуу өлкө экенибизди билдирип хоккейди онуктуролу
04.04.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайм Алга!
04.04.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайкайт жетимдерди баарын
04.04.2019. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяктан көрсө болот хоккейди бүгүн
05.04.2019. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз жетелеме калкпызда ушу Бир нерсе башталса эле ошого карап кете беришет. Бир эле жакшы Эл башчы чыкпай ататта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: