super.kg logo

Түркиянын "Ататүрк" аэропорту жабылды

 

Түркиянын "Ататүрк" аэропорту жабылып, Стамбул аэропортуна көчүрүлөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 5-апрелге караган түнү "Ататүрк" аэропорту каттамдарды токтотуп, 45 сааттан кийин Стамбул аба майданы кардарларды тейлеп баштайт.

Бул аралыкта Стамбул шаарына келе турган каттамдар "Сабиха Гөкчен" аэропортуна жиберилет. Түркиянын Транспорт министрлиги авиакомпанияларды Стамбул багытына кетип жаткан адамдарга туура маалымат берип түшүндүрүүнү милдеттендирди.

"Ататүрк" аэропорту 1989-жылы ишке кирген. Ал эми "Стамбул" аба майданы 2018-жылдын 29-октябрында ачылып, ага биринчи болуп Түркиянын президентинин учагы конгон.

Аэропорттун жалпы аянты - 76,5 миллион чарчы метр. Курулуш боюнча тендерди "Limak-Kolin-Cengiz-MaPa-Kalyon" компаниясы утуп алган. Курулушунун биринчи этабына 6 миллиард евро бөлүнгөн. Курулуш иштери 4 жыл аралыгында жүрүп, 10 миңдей адам эмгектенген. Жаңы аба майданында учактардын учуп-конуусу үчүн 6 тилке, 500 учак үчүн токтоочу жай, 70 миң унаага ылайыкташкан унаа токтоочу жай болору пландалган. Аэропорттун калган бөлүктөрү толугу менен 2023-жылы ишке берилери айтылган. Аэропорт толугу менен ишке киргенде дүйнө жүзүндөгү ири аба майданы болуу менен, жылына 200 миллионго чукул жүргүнчүнү тейлеп, күн сайын 2 миңдей учакты учуруу пландалганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
04.04.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оштогу аэропортко качан жаны имарат курулат экен а?
04.04.2019. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштун Аэропортун деле ондоп койсо болмок сарайга эле окшоп калыптыр биздин аэропорт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: