super.kg logo

"Ак шумкарлар" үчүн жаңы стадион качан курулуп бүтөт? Спорт агенттигинин жообу

 

Кечээ, 3-апрелде АФК Кубогунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" клубу Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубун кабыл алды. 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган беттеште стадиондун болжолдуу түрдө 60-70 пайызын толтурган күйөрмандар кайрадан "стадион" деп кыйкырышты.

Белгилей кетсек, 24-январда Улуттук курама команданы Азия Кубогунан тосуп алуу аземинде да күйөрмандар өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзүн бөлүп, "стадион" деп кыйкырышкан.

"Стадион болот, бул боюнча чечим кабыл алынат" деп жооп берген Абылгазиев.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун эскилиги жетип, жаңы стадионго муктаждык бар экендиги көптөн бери эле айтылып келет. SUPER.KG порталы "Жаңы стадион куруу маселеси учурда кайсы этапта? Качан кыргыз футболчулары жаңы оюн талаасында ойноп калат?" деген суроолорго жооп алуу максатында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине кайрылды.

Агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Султамбаевдин айтымында, учурда ар тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Учурда ата мекендик жана чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары жаңы стадиондун долбоорун сунуштагандар менен да алаканы үзгөн жокпуз. Сунуштардын келип түшүүсү уланууда. Биздеги негизги маселе стадиондун долбоорун тандоо жана кайсы инвестор ишке ашыра турганын чечүү. Мындан сырткары, стадион үчүн кайсы аймактан жер бөлүнөрүн аныкташыбыз керек. Ушул маселелер чечилгенден кийин жаңы оюн талаасы качан курулуп бүтөрү белгилүү болот.

Бизге ушул жылдын аягына чейин жаңы стадион боюнча чечим кабыл алуу тапшырмасы берилген. Бирок инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бир топ эрте бүтөрүн болжолдоп жатабыз. Демек, стадиондун качан курулуп бүтөрү белгиленген убакыттан эрте ачыкталат", - деди Султамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
04.04.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А жарайсынар! Жылыш бар экен. Келген коноктор эски стадионду коруп ото эле жийиркенишсе керек эле. Бул да мамлекеттин жузу да.
04.04.2019. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул дегени төөнүн куйругу жерге тийгенде
04.04.2019. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен билгенден стадион менен ипподромду АШАнын убагынан бери эле ана мына деп келе жатасыңар,элди алдап сооротуп жүрө бергиле.
04.04.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыраак болуп жатат дегени бул чонтоко түшкөн акчаны, дагы ар бир отургучтун баасын 40000$ болду деп чыкпаса буларын!!!!
04.04.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар алгаа десенер ниетинерди ондоп бутуп калаар эретраак
04.04.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтып жатпайбы суйлошуп жатабыз деп. Канчага курасын мага канча бересин, кимин коп бересин и.т.д болтат да.
04.04.2019. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куда каласа кыргызстанда жаны стадион болот бул кыргыз футбол тарыхында чоон жанылык жана жылыш болмок
05.04.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kristianuronaldu, кайсы Куда?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: