super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Уран казылып жатканын уккан туристтер Ысык-Көлгө кайтып келери же келбеси белгисиз"

 

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу Ысык-Көл облусундагы уран кени боюнча маселени көтөрдү.

"Ысык-Көлдө "Кызыл-Омпол" уран кенине жакын жайгашкан айылдын тургундары митингге чыгып, кенди жабуу талабын коюуда. Эми Кочкордун тургундары митингге чыкканы турат. Комиссия "кен жаӊы технологиянын жардамы менен казылып жатыптыр, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок" деген тыянак чыгарган. Бирок уран казылып жатса, кантип анын зыяны болбойт? Кандай гана болбосун, радиациянын фону жогорулабай койбойт да.

Балыкчы шаары уран кенинен 20-25 чакырым аралыкта турат. Ал жерде кандай катуу шамал болорун жакшы билесиздер, радиацияны дароо жеткирет. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайтып келери же келбеси белгисиз. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болду. Өкмөт маанилүү маселеге көӊүл буруп, ал ишкананын эл аралык уюмдардан алган уруксаты бар же жок экенин текшерип, тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: