super.kg logo
  Саясат  

Депутат Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачууга анын ректору 7 жолу уруксат бергени тууралуу министрдин кабары жоктугун сынга алды

 

"Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) филиалын ачууга анын ректору 7 жолу уруксат берген экен. Ал эми бул тууралуу билим берүү жана илим министринин кабары жок", - деп бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди.

Владимир Путиндин 28-мартта болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму болуп өткөн. Бул жагдай мына ошол форумда ачыкка чыгып жатат. Москванын мамлекеттик университетинин ректору филиалын ачууга жетинчи жолу уруксат берип жатканын айтты. Бул жагдай өкмөт кайсы бир ишти аткарууда бир пикирге келип, макулдаша албай турганынан кабар берет.

Бул жагдайга көңүл буруп, Кыргыз өлкөсүндө филиал ачуу боюнча сунуш кимге, кайсы мекемеге келгенин иликтеп чыгуу керек. Мындай сунуш буга чейин эле болуп, эмне себептен биз тараптан колдоо болбой келгендигин аныктап чыгуу абзел”, - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: