super.kg logo

"Кудай алдында, ыйык мечитте туруп айтып жатам, мен таза иштедим" деди экс-президент өзү курдурган мечиттин ачылышында

 

Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарындагы 7-кичи райондо жаңы мечит ачылды. Ал жалпы аянты 2 гектардан ашык жер тилкесине салынып, курулуш иштери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин каржылоосунда жүргүзүлгөн. 5 миң кишиге ылайыкташкан мечиттин ачылышына Алмазбек Атамбаев, Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек Токтомушев, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов, дин кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

"7-Апрель шейиттери" деп аталган мечиттин ачылышында алгач жалпы арбактарга багышталып куран окутулду.

Өз сөзүндө экс-президент 7-Апрель Кыргыз тарыхындагы маанилүү күн экенин белгилеп, президент болуп турганда аны майрам күн кылганын айтты.

"Бул күн тарыхта майрам катары калсын дедим. Албетте, ошол күнү жакындарын жоготкондор мени туура түшүнөт, бул дагы деле кайгылуу күн. 7-Апрель - Аксы окуясынан кийинки эле маанилүү окуя. Кудай алдында, ыйык мечитте туруп айтып жатам, мен таза иштедим. Бирөөнү пара бер же жамандык кыл деп эч качан айткан эмесмин. Буга Кудай, тарых күбө болот.

Ушул мечитке берилген жер тилке менин менчигимде 25 жыл турду, "мамлекеттин жерин берип койду" деп айтып чыгышпасын. Мунун четиндеги гранит таштары "Ала-Тоо" аянтынан келген жок, досторумдун жардамы менен алып келдик. Ушак кетет, ушак тараткандар да кетет. Бир гана Кудайдан коркуш керек, мен Жаратканга миң мертебе ыраазымын, Жараткан мага берген сайын берип жатат. Жүздөгөн мектептерди салдым, мусулманмын, ошондуктан мечит салуу - милдетим", - деди ал.

Ошондой эле мечиттин сыртына 7-Апрелдеги окуядан каза болгондордун аты-жөнү жазыларын кошумчалады. Жаңы мечитке Абдышүкүр Нарматов имам болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(36)
04.04.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакшы эмнеси болсо да мечит салдырганын бааладым.
04.04.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мечит го жакшы, бирок мечитке 7-апрель, иштеген ишин аралаштырбай эле койсо.
04.04.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Мечиттен башка нерсени салдырса жакшы болмок. Анысы аз келгенсип арабтар мечиттерди салышып, кыргыздарды арабташтыруу максатын коруп жатышат. Биздин акчалуулар оорукана, айылдарга суу каналын салуунун ордуна, мечиттерди толтуруп диний фанаттардын конулун алганды эле билишет. Айылдарда элге таза суу жетишпей жатса, бизде мечит курган модага айлаган. Мечит салуу менен жашоо шартыбыз онолбойт. Болгону асманды тиктеп Алла берет экен деп кайырчы болгонго уйронуп алабыз.
erlan2196 түзөттү 2019-04-04 15:10:46
04.04.2019. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erlan2196,
Мечит салгандын ордуна айыл жерине конул бурган киши жок. Ооруканага барсан эски сынык аппарат менен отурушат. Мечит салбай жаны аппарат сатып бергилечи.
zhaku2017 түзөттү 2019-04-04 21:07:45
05.04.2019. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erlan2196,оюңа толугу менен кошулам, бирок ушунча минус басылганына караганда келечекте бала чака да мигрант болуп тентийт окшойт
04.04.2019. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
АШАнын убагында чындыгында коп нерсе жасалды. даже Бишкекте кычык кучук кочолорго чейин асфальталды.
04.04.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aiba_00,ошого карызыбыз олчоюп кобоюп кетти да карыз акчаларды инвестициялабай бир аз ишти корсотуп эле калганын сол чонтокко салды. Элдин ырыскысынан мечит тургузуп анан актанып отурат да мен кудайдын адамымын кудайдан корком деп. Кудайдан жоо качкан дейт мындайларды
04.04.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кудайдын алдында мечит эмес, оорукана салсанар деле сооп. Элге деле жакшы. Биздин айылда СССР тарагандан бир дагы оорукана жок, чондор акча жок деп отурушат, эл абдан куурадык, озгочо жаш балдарга кыйын. Ушундай убакта чиновниктер мечиттерди эмес, оорукана, бала бакча курушпайбы. Мечитке барсан тозок, бейиш жонунда фантазиялар айтышат же андан курсак тойсо олоюн. АША менен Соке оорукана салып берип элге жакшы корунсонор болмок. Акчанар ашып ташып жатса соц. обьектилерди салбайсынарбы.
Ka2sr1 түзөттү 2019-04-04 15:28:05
09.04.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ka2sr1, Туура кошулам. Элдин ырыскысын жеп-жутуп, анан мечит сала койуп "аппакай" болуп калышат.
04.04.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллах ыразы болсун! Мечит бул Кудайдын уйу.
04.04.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Dastanwanted,
Мечит Кудайдын уйу эмес, кобунчо арабтардын уйу болуп калган. Арабтардын салт санаасын тануулаган уйго айланып калган.
Ka2sr1 түзөттү 2019-04-04 15:53:42
04.04.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мечит салса жакшы азамат экен,анан мечит салса эле мактап жатып калбай,кыргызды карызга батырганын,каалашынча жеп ичкенин мойнуна коюп,сотко чакыргылачы ХХХХХ!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-04 16:04:27
04.04.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Неге актана эле берет дейм да. Өзүнөн мурунку президенттерди өлө жамандайт. Муну гыйбат дейт. Элин койсуңар дейт. Бирөөнүн артынан сүйлөйт. Эркек андай болбойт. Кыскасы түшүнбөдүм.
04.04.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ооа таза иштединиз болгондо да укмуш таза иштединиз. Шофёрлор министр болуп охранасы генерал болушту. Карызыбыз көбөйдү айта берсең арман көп дегендей. Азыркы президентибизди деле кыйратып жатат дебейбиз убакыт өтүп анын да былыктары билинээр
04.04.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сүйлөсө шарияттан сүйлөп, ХХХХХ.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-04 17:36:59
04.04.2019. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаев азамат! Эми 7-апрелге арнап туруп мектеп, садик, оорукана салып салса, андан да жакшы болмок
04.04.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кытайдан алып келген рюмкасын ала келиппи
04.04.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаевди уксам жиним келип кетет озун эле мактай берет атамбаевге бир суроо бергим келетда карыз алып жатканда ойлондунбу карызды кантип толойт кыргызстан дагы 5 6 жылдан кийин кытайга карызды толош керек же бир кенди же болбосо ыссык колду алып койсочу
nur_zhoni түзөттү 2019-04-04 17:49:21
04.04.2019. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Садик салсан болмок
04.04.2019. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
uli1234,садик кереги жоктой болуп минус басасынар да
04.04.2019. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушуну көрөргө көзүм жок, жадакалса сүрөтүн көргүм келбейт!!!
04.04.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сокеге караганда тоочолук ойдо иштеген.Соке эмне кылды 2 жыл болду го.
04.04.2019. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах ыраазы болсун. Туура жол көргөзсүн.
04.04.2019. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев Мечит салдым деп мактанбасада болот,Убагында Президент болуп турган да андай Мечиттен, жана башка курулуш иштерин салдырып Кыргызстанды Гул кылып кетсе анан мактанса жарашат эле,Мечитти азыр Айылда жеке ишкерда салып койот,салуу Эржигиттин милдети,Мамлекеттин акчасын канча канча асманга сапырдынар эми кускулада, Ким таза иштеди Ким жеди 1 Кудай билет Элдин алдында калп айтуу, Кудай алдында жооп береер кун келет!
04.04.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми 10 грамдык рюмкада кызылынан урбасаң мечиттин сообу тийет, эгер ура берсең кечирип кой?.
04.04.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Теңирчилер өрттөнүп кетишиптирго байкуштар)).
04.04.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Актана берет экен да кандай иштегенин кордук го 5 жыл аркага кеттик кытайларга кен дерибизди иштеткени 10-15 жылга ижарага берип койдук.Эми барып кайта бергиле деп сурап коргулочу?
04.04.2019. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мына тенирчилер ислам еместер кобойуп бараткандыгы окундурот жада калса бул жерде да коп динсиздер емнегер мн мактана аласынар?
04.04.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыскасы сөз жок да бул кишиге. Соопчулук үчүн салганга караганда башкача жыттанып жатат бул ишинен. Исламда жакшылык кылсаңда анын сообу тийиш үчүн көмүскө кыл дейт. Мечитти салганы жакшы бирок мындай атап, ичинде мындай сөздөрдү сүйлөгөнү туура эмес. АША ажо болгон 5 жыл уялганыман шапкамды басып кийип жүрдүм эле. А бул дагы да балп эткенин койбоду.
04.04.2019. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарыңар эле атеист болуп кеткенсинерби Кудайдан корксонор боло мечит Аллахтын үйү эмес дегенди кантип айтып жатасыңар, ушу мечиттен далай инсандар ыйманга келип силер айткан эр азаматтарыбыз кудай деп анан бала бакча мектептерди сала башташат, чынында азыркы Сокеге караганда бир топ жакшы иштерди жасады.
04.04.2019. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Арам акчасына салбай эле койсо болмок. Бийлик эртерээк кустура албады АШАны. Бул жагвнан Соке женилди.
04.04.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмии туугандар бул сөзүнө дагы жооп берет, бирок мен урдаба алдаба, деген эмесмин дегени туура эмес, Куранга кол коюп антбергенден баштап, арбир болгон ишке жооп беришкерек.
04.04.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал мейли)) сыртынан тартып киргизип койсоңор болмок экен
04.04.2019. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев азамат, жакшы иштерди жасап кетти, Жээнбеков окшоп куда сөөк, күйөө балдарды чогултпай
05.04.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алмазбек Атамбаев эми кичине өзүнө келгендейго беш жылда жүдөп, какап, зорго жүрдүле, эми ол акыбал Сооронбай Жээнбеков го өтүптүр
05.04.2019. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША ак иштедиби көк иштедиби аны бир кудай билет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: