super.kg logo

"Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекке турган унаалардын саны кайра көбөйдү

 

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекке турган унаалардын саны кайра көбөйдү. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 4-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, учурда аталган жайда 230 жүк ташуучу унаа Казакстанга өтүү үчүн кезекте турат.

"Казакстандын аймагына "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу күнүнө 120дай унаа өтүп жатат. Бирок кезекте турган унаалардын саны баштапкыдай эле азайган жок. Башкача айтканда, башка жүк ташуулар катарга келип кошулуп жатат. Ал эми Кыргыз-Казак чек арасындагы башка көзөмөл-өткөрүү жайларында кезек күтүп турган унаалар жок", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

1-апрель күнү 191 унаа Казакстандын аймагына өткөнү, кезекте тургандардын саны 200дөй экендиги кабарланган.

Аталган көзөмөл-өткөрүү жайында унаалардын топтолуусу 19-мартта башталган. Казак бийлиги бул жагдайга арадан 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берди. Аталган өлкөнүн Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кирешелер комитетинин тараткан маалыматына караганда, тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп, керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилип жатат. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленген. Бирок айдоочулар каршы пикирде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: