super.kg logo

Дарыгерлер эненин ичинде жаткан түйүлдүктү өлүп калган деп ойлоп, төрөт учурунда башын оюп алышкан. Бала эки сааттан кийин тирүү экени белгилүү болгон (абайлаңыз, сүрөт)

 
Учурда башындагы жараты тигилди
Төрөлгөн учурда тартылган сүрөт
Төрөттөн кийин бутун күйгүзүп алышкан

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы төрөт үйүнүн дарыгери эненин ичинде тирүү жаткан түйүлдүктү өлүп калган деп ойлоп, төрөт учурунда ымыркайдын башын оюп алышкан. Бирок эки сааттан кийин баланы өлүк сактоочу жайга алып баруу үчүн жуунтуп жатканда анын тирүү экени белгилүү болгон.

Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 4-апрелде ымыркайдын апасынын кайын сиңдиси Эсенгүл Бакытбек кызы кабарлады.

Анын айтымында, ымыркай энеси менен бирге, учурда Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" борборунда жатат. Анын башындагы жараты тигилип, азыр абалы жакшы. Төрөлгөн учурда салмагы 4 килограмм 530 грамм болгон.

"Төрөткө чейин эне менен түйүлдүктүн абалы жакшы болгон. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушкан. Жеңем төрөө үчүн 18-март күнү эртең менен Токтогул шаарындагы төрөт үйүнө келген. Бирок гинекологдор саат 18:00 чамаларына чейин төрөтө албай жеңемди кыйнап коюшкан. Кийин гинеколог баланын жүрөгүн тыңшап "түйүлдүк өлүп калды, эми аны кескилеп чыгарууга кол коюп бергиле" деп ата-энесине айтат. Андан кийин апам барып экспертизага берүү үчүн кесарево жолу менен чыгарып алгыла деген. Ошондон кийин дарыгерлер энеге наркоз берип, баланы операция жолу менен алып чыгышкан. Ымыркай ошол учурда ыйлабагандыктан чындап эле өлүп калыптыр деп ойлогонбуз. Андан кийин эки саат убакыт дарыгерлер ымыркайга өлүк баладай эле мамиле кылышкан", - деди Бакытбек кызы.

"Медайымдар ымыркайды жуунтуп коёлу деп сууга салышканда ал ыйлап жиберген. Ымыркай өлгөн эмес экен. Жуунткандан кийин баланын башы төрөт учурда курч буюм менен оюлганы жана тизеси күйүп калганы белгилүү болду", - деди Бакытбек кызы.

Белгилүү болгондой 3 күндөн кийин баланы Бишкекке алып келишкен. Алар "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирүүгө кеткен чыгымды өз каражатынан коротушкан.

"Биз "Тез жардам" унаасын бергиле Бишкекке алып баралы" деп айтып, эч кандай жардам ала алган жокпуз. Мындай кырдаалда мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлбөйт экен. Жыйынтыгында 25 миң сомго жакын акчага жеке менчик "Тез жардам" унаасын чакырып, жеңем менен баласын Бишкекке алып келдик. Азыр дарыгерлер башындагы жаратын тигип коюшту. Абалы жакшы болгону менен өз алдынча эмчек эме албайт. Бөтөлкө аркылуу тамактанып жатат. Эми азыр ошол төрөттү кабыл алган гинеколог чыгымды төлөп берейин деп кайрылып жатат. Бизге анын акчасынын кереги жок, болгону мындай нерселерге кайра жол бербөө үчүн жазасын алуусун талап кылабыз", - деп кошумчалады Бакытбек кызы.

Токтогул шаарындагы төрөт үйүнүн өз атын айтуудан баш тарткан гинекологу жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка туура келбей турганын билдирди. Анын айтымында, ымыркайдын башындагы жарат төрөт учурунда баланы тартып алуучу аппараттан улам пайда болгон.

"Ымыркайдын башын оюп койду" дегени туура эмес. Төрөт учурунда бала чыга албай калганда атайын аппарат менен тартып алууга туура келет. Эгерде аны менен төрөт ийгиликсиз болуп калса операция жолу менен баланы алып чыгабыз. Биз айтып жаткан ымыркайды да операция жолу менен эле аман-эсен төрөттүк. Учурда абалы жакшынакай, эмчек эмип жатат. "Дарыгерлер ымыркай эненин ичинде өлүп калганын айткан" деп жатышканы да чындыкка туура келбейт. Себеби ымыркай тирүү экенин билгенбиз", - деп жооп кылды гинеколог.

Учурда бул үй-бүлө тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз жазылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(35)
04.04.2019. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллахым энеге да балага да ден-соолук, узун омур берсин!!! Жамандыктан аллах таала озу сактасын!!!амиин!
04.04.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх,онолбой калдык го!(((
04.04.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул гинекологдор сууга тушсо кургак чыгатко
04.04.2019. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ананайын.. кудайым узуун омур, чын денсоолук берсин...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: