super.kg logo

Ысык-Көлдөгү унаа кырсыгынан жубайлар жана алардын 4-5 жаштагы балдары каза болду

 

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 5-апрелге караган түнү саат 00:30 чамасында Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде эки унаа сүзүшкөнү боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 84-чакырымында Фольксваген Гольф-3 жана Тойота Ист унаалары сүзүшкөнүн аныкташкан.

"42 жаштагы Чүй облусунун тургуну К.М. өзүнүн Фольксваген Гольф-3 унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып, 56 жаштагы Түп районунун тургуну Д.Ш. айдап бара жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Фольксваген Гольф-3 унаасынын айдоочусу унаада бара жаткан 41 жаштагы айдоочунун аялы, 5 жана 4 жаштагы М.Э., М.Т. аттуу балдары алган жаракатынан улам кырсык катталган жерде каза болгон. Ал эми Тойота Ист унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 37 жаштагы К.М. жана айдоочунун 6 жаштагы кызы М.Н. жана дагы бир жүргүнчү денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, Ысык-Көл райондук ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда жол кырсыгы тууралуу бардык маалыматтар чогултулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(3)
05.04.2019. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жол кырсыгы кобойду,канчалаган адамдар кайгы мун тартып сыздап жатышат. Оо Жараткан баарына сабыр,кайрат бере кор! Жараткан пенделеринди боодо кырсык,боодо кайгыдан сакта!
05.04.2019. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иий кудайым ай...
05.04.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир уйбулоо куурады....эх.....техниканын бары да балээ жогу да балээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: