Жарандыгы жок адам дээрлик 3 айдан бери "Манас" аэропортунда жашап жатат



Эл аралык "Манас" аэропортунун стерилдик аймагында январь айынан бери жарандыгы жок адам жашап жатат. Маалыматты аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады.
Белгилүү болгондой, Хадаа Арлен аттуу адам ушул жылдын 18-январында Бишкектен Москвага учкан. Бирок Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилбей, кайра Бишкекке жөнөтүлгөн.
"Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 19-январда Москвадан Хадаа Арлен аттуу жарандыгы жок адам учуп келген. "Аэрофлот" компаниясынын кызматкерлери тарабынан чек ара кызматкерлерине Арленге тиешелүү болгон жарандыгы жок адамдардын күбөлүгүн жана Орусиянын аймагына киргизүүдөн баш тартуу боюнча акт өткөрүлүп берилген. Арленге жарандыгы жок адамдардын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаменти тарабынан берилген.
Хадаа Арлен 18-январда жарандыгы жок адамдардын күбөлүгү аркылуу Москвага учуп кеткен. Бирок Орусия чек арачылары аны визалык режимди бузду деген жүйө менен өлкөгө киргизүүдөн баш тартып, кийинки рейс менен кайра Бишкекке жөнөтүшкөн.
Арлендин айтымында, ал Орусияга жетери менен Кыргыз өлкөсүнөн алган документтерин жок кылып салган. Буга байланыштуу ал кайра Кыргыз аймагына киргизилген эмес. Учурда Хадаа Арлен "Манас" аэропортундагы стерилдик аймакта жашап жатат", - деди басма сөз кызматкери.











1 |