super.kg logo

Өкмөт башчы: "Кыргыз-Казак чек ара маселеси бүгүн, эртең чечилет"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз-Казак чек ара маселеси бүгүн, эртең чечиле турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн отурумунда билдирди.

"Казакстандын өкмөт башчысы менен чек ара маселеси боюнча 3 жолу сүйлөштүм. Эки өлкөнүн Бажы кызматтарынын жетекчилери Казакстандын премьер-министринин иш бөлмөсүндө сүйлөштү. Кээ бирөөлөр өкмөт унчукпай жатат деп айтып жатышат. Экономикалык кээ бир маселелер унчукпай, сүйлөшүүлөр менен чечилет", - дейт өкмөт башчы.

"Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында унаалардын топтолуусу 19-мартта башталган. Казак бийлиги бул жагдайга арадан 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берди. Аталган өлкөнүн Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кирешелер комитетинин тараткан маалыматына караганда, тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп, керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилип жатат. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленген. Бирок айдоочулар каршы пикирде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: