super.kg logo
  Саясат  

Исхак Масалиев: "Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мен сунуштаган мыйзам долбоору өзгөрүлүп кетти. Ошондуктан "каршы" добуш бердим"

 

Кечээ, 4-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.

Масалиев өзү демилгелеген мыйзам долбооруна эмне себептен "каршы" добуш бергенин түшүндүрдү.

"Коомчулукта өзү демилгелеген мыйзам долбооруна "каршы" добуш берди. Алмазбек Атамбаев тарапка сатылып кетти" деген кептер айтылып жатат. Бул мыйзамга "каршы" добуш берүүмдүн себеби, мен сунуштаган мыйзам долбоору таптакыр башкача болчу. Аталышында кол тийбестик дегени менен мазмуну өзгөртүлгөн. Муну эске алып коюш керек. Башынан эле кол тийбестик эч кандай формада болбошу керек деген позициямды ачык айтып келем. Биринчи биз сунуштаганда жөнөкөй эле болчу. Болгону экс-президенттердин кол тийбестигин таптакыр алып салууну гана сунуштаганбыз. Ал эми экинчи окууда, айрым Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунушу менен экс-президент деген жаранды жоопко тартылсын деп кошуп коюшту. Менин оюмча, бул ашыкча. Мен сунуштаган долбоор өзгөрүлүп кетти. Эгерде аталган мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоорго президент кол койсо, күчүнө кирип баштайт", - деди Масалиев.

Жогорку Кеңеште добуш берүүгө 114 депутат катталып, алардын 111и "макул", 3ү "каршы" деп добуш беришкен. "Каршы" деп добуш берген депутаттар Анвар Артыков, Исхак Масалиев жана Асел Кодуранова.

Бул мыйзам экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: