super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү бүгүнкү күндө дары-дармектердин баасын жөнгө салуу курч маселе экенин айтты

 

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйыны болуп өттү. Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин аткарып жаткан иштерин жана планы тууралуу маалымат угулду.

Жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев баяндама жасады. Ал бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасы жетишсиз экенин белгилеп, дары-дармек боюнча улуттук базаны тартипке келтирүү жана алардын баасын жөнгө салуу маселеси курч тургандыгын билдирди.

"Алдыда электрондук саламаттыкты сактоо тутумун дыкаттап ишке киргизүүгө, үй-бүлөлүк медицинанын артыкчылыгын жогорулатууга, типтүү ооруканаларды курууга, жеткиликтүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө аракеттер болуп жатат. Мындан сырткары, саламаттыкты сактоо тармагына келген гранттык насыялар менен кургак учук боюнча лаборатория, Ош шаарында оорукана жана Кыргыз-Түрк ооруканасы курулууда", - деди Каратаев.

Депутат Тынчтык Шайназаров Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерине Грузияда Европа жана Америкада сатылган дарылар гана сатылсын деп кабыл алынган ченемди Кыргыз мамлекетинде да колдонууну сунуш кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.04.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЧООН бизнес
06.04.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы канча болот ошондо карапайым Эл алалбай кыйналабызбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: