super.kg logo

Германияда акыркы норка ферма жабылды

 

Германиянын Раден шаарында бул мамлекеттеги акыркы норка ферма да жабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, анын жабылышына жаныбарларды коргоочулардын аларга карата жасап жаткан басымы себеп болгон. Ушул жылдын март айында жаныбарларды коргоо боюнча жергиликтүү бюро дрондун жардамы менен норкалардын оор шартта, тар торлордо кармалып багылганын көрсөткөн. Анда фермадагы жаныбарлар үчүн тосулган торлор өтө тар болгондуктан алар араң эле кыймылдап жатканы көрүнгөн. Бюронун билдирүүсүнө ылайык, норкаларга суу жетиштүү берилбегендиктен, алар тынч ала албай калышкан.

Мындай видеодон кийин ал жерге ветеринардык инспекциянын өкүлдөрү текшерүүгө алган учурда фермада бир да жаныбар болгон эмес. Ферманын кожоюну анын бизнеси 2017-жылы жаныбарларды коргоо жөнүндөгү мыйзам күчөтүлгөндөн кийин артка кеткенин айтып, ишмердүүлүгүн токтотконун билдирген. Ошондой эле ал акыркы норкаларын Финляндиядагы фермага сатканын белгилеген. Бир катар өлкөлөрдө жаныбарларды коргоо уюмдары алардын терисинен кийим тигүүгө каршы туруп келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.04.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Норка шубалар эми кымбаттайт экен да жакшы болуптур. Ошентсе да ала беришет элге мактангысы келгендер
05.04.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nargiz-sa, Наргиз жездем айт Эми шуба кийемин деп
05.04.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Станокторун бизге берсе болгудай. Эшектин теерисинен Бир деме жасашмак Бекер эле кытайга кетип атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: