Депутат: "Саламаттыкты сактоо тармагындагы жалпы саясатты өзгөртүү керек"
Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйыны болуп өттү. Аталган жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат угулду.
Жыйында депутат Мирлан Бакиров жарандар жылдан жылга дарыны көп колдоно баштагандыгы кооптуу экенин айтты. "Элдин саламаттыгын алдын алуу боюнча иштерге басым жасоо керек. Ошону менен катар медициналык кызмат көрсөтүүдөн кошумча нарк салыгын алып салуу зарыл", - деди эл өкүлү.
Ал эми депутат Абылкайыр Узакбаев борбор калаада бир эле дары ар жерде ар башка баада сатылып жаткандыгы эске салынбайбы деген маселени айтып чыкты.
Мындан тышкары депутат Алтынбек Жунус уулу мамлекеттик "Тез жардам" менен жеке "Тез жардам" кызматтарын, мамлекеттик ооруканалардагы кайдыгер мамиле менен жеке ооруканалардагы тиешелүү мамилени салыштырып, "саламаттыкты сактоо тармагындагы жалпы саясатты өзгөртүү керек" дейт.
Жыйынтыгында айтылган сын-пикирлерди Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эске алынышы тапшырылып, берилген маалыматты эске алуу чечими кабыл алынды. Ошону менен катар фракция депутаттары жакынкы айларда аталган министрликке көчмө жыйын өткөрөрүн дагы белгилешти.

Частныйлардын айлыгы коп,гостогуларга да айлык которуп койгула аларда сылыктан сылык суйлоп калышат. Отуруп алып суйлош оной иштеп корсоно
Тез жардам частныйдын ичинде бардык аппаратурасы иштейт ошогода кымбат,а биздикинин ичинде аппараттын местасы бар озу жок. Аныда ортодо кыйыныраагы сатып иштеп калган бут эле а жаны алганы бюджет жетпейт,даже бензинине да акча жок деп отурасынар