super.kg logo

Ош ОИИБи журналисттин "милиция тарабынан кысым болуп жатат" деген дооматын четке какты

 

5-апрелге караган түнү "Ачык саясат плюс" гезитинин Ош облусундагы өкүлү Алтынбек Жээнбаев КСДПнын Ош шаарында өткөн конференциясына катышканы үчүн милиция тарабынан кысымга кабылып жатканын айткан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев милиция кызматкерлери анын Жапалак айыл аймагындагы үйүнө барышканын тастыктап, бирок айткандарын төгүнгө чыгарды.

Басма сөз катчынын белгилешинче, милиция кызматкерлеринин Жээнбаевдин үйүнө баруусу журналисттик ишине жана КСДП партиясынын мүчөлүк ишине тиешеси жок.

"Алтынбек Жээнбаевдин үйүнө барган кызматкерлерди чакырып териштирүү жүргүздүк. Алардын айтымында, бул аракет Жээнбаевдин журналисттик ишине жана КСДП партиясынын мүчөлүк ишине тиешеси жок экен. Болгону Жээнбаев буга чейин атайын кызматтардын көзөмөлүндө жүргөн бир-эки адам менен дааватка чыгып келгенине байланыштуу болуп жатат. Тактап айтканда, ал адамдар КСДПнын 6-апрелде өтө турган съездине бара турган болушкан. Ошол адамдар тууралуу гана маалымат алуу үчүн милиция кызматкерлери Жээнбаевдин мурда жашаган Папан айылындагы үйүнө барышкан. Жээнбаев ал жерден көчүп кеткени аныкталгандан кийин, учурда жашап жаткан Жапалак айыл аймагындагы үйүнө барышкан", - деди Аширбаев.

Ал кошумчалагандай, Жээнбаев ошол учурда Жапалак айыл аймагындагы үйүндө жок болгондуктан, аялы "үйдүн тегерегинде шектүү адамдар жүрөт" деп Ош ШИИБине телефон чалган. ШИИБинин атайын тергөө тобу барып, алар Кара-Суу районундагы 10-бөлүмдүн кызматкерлери экенин аныкташкан.

"Жээнбаев үйүнө келип 10-бөлүмдүн кызматкерлерине өзү менен бирге дааватка чыккан бир-эки адам тууралуу суроолорго жооп берген. Болгону ошол. Өзү менен байланышканыбызда дагы эч кандай коркутуулар болбогонун белгиледи. Биздин билишибизче, Жээнбаев эч кандай саясий иштерге жана КСДП партиясынын конференциясына катышкан эмес, дин жолунда жүргөн адам", - деди басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.04.2019. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туалетке барса да айтыш керек болуп калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: