super.kg logo
  Саясат  

Былтыр 50 миң доллар пара менен кармалган министрдин орун басарынын иши эми сотко өттү

 

Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан ЖусубалиевТранспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт. Соттук отурум качан өтөрү белгисиз.

2018-жылдын 5-декабрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Тергөө абагына киргизилген Азимкан Жусубалиев аталган кызматка ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 2017-жылдын февраль айында дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: