Казакстанга кире албай кезекте турган фуралардын саны 300гө чукулдады

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекке турган унаалардын саны 4-апрель күнү 230га жеткен. Бугүн алардын саны өсүп жатканын SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлады.
"Саат 16:00дө алынган маалыматка караганда, кезекте турган унаалар 285ке жетти. Бир күндө канча унаа өткөрүлүп жатканы боюнча так маалыматыбыз жок. Бирок бир сааттын ичинде 5-6 унаа өтүп жатат", - деп кабарлашты Чек ара кызматынан.
Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе боюнча Казакстандын өкмөт башчысы менен 3 жолу сүйлөшкөнүн, бүгүн, эртең чечиле турганын айткан.
"Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында унаалардын топтолуусу 19-мартта башталган. Казак бийлиги бул жагдайга арадан 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берди. Аталган өлкөнүн Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кирешелер комитетинин тараткан маалыматына караганда, тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүлүүдө. Керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилип жатат. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленген. Бирок айдоочулар каршы пикирде.




1 |