super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушу боюнча: “Бул демилге Конституциянын негиздерине карама-каршы келет”

 
Буга чейин маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чалгындоо иштерин жүргүзүүдө почтаны окуу, сүйлөшүүлөрдү угуу жана биометрикалык маалыматтарды алуу сыяктуу ыйгарым укуктарды кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Жарандык активист бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып бара турганын баары эле айтып жатканын белгиледи.

"Мен бул адам укуктарын бузууга жана жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барат деген ойго кошулам. Мындай демилге адам укуктарына жана Конституциянын негиздерине карама-каршы келет. Буга бир гана жарандык коом эмес, парламент дагы каршы турушу керек. Эгерде бүт эле функцияларды аларга берип койсок, биздин үстүбүздөн көзөмөл жүргүзгөнгө жол ачып берүү болуп калат", - дейт Турдукулов.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочулар Рита Карасартова, Таалайгүл Токтакунова, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, журналист Мирбек Айтикеевдин пикирлери бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: