Бишкекте түндө жааган жамгырдан тамыры чириген бактар кулап, үч машинаны басып калды
Бишкекте түндө жааган катуу жамгырдан бактар кулап, 3 автоунааны басып калган. Окуя Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде үйлөрдүн короосунда орун алган.
Учурда Бишкек шаарынын "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
"Бактар катуу жааган жамгырдан кулаган. Анткени алардын тамыры чирип, көтөрө албай калган. Унааларга келтирилген чыгымдар такталат", - деп маалымат берилди.
Окуя болгон жерден жабырлануучулар жок. Бак таңга маал кулаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.