Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева көз жумду
Бүгүн, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Аталган министрликтин маалыматына ылайык, актриса бөйрөк оорусунан жабыркап жүргөн жана бүгүн түшкө маал каза болгон. Маркумдун сөөгү 8-апрель күнү жерге берилет, азырынча кайда коюла турганы белгисиз.
Жаркын Балыкбаева Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы окуу жайда актёрлук чеберчилик боюнча сабак берип келген. Ушул жылдын февраль айында SUPER.KG порталы актрисанын жашаган үйү менен таанышып, маек алып келгенбиз. Балыкбаева үйү менен тааныштырып жатып, төмөндөгүлөргө токтолгон.
"Биздикине конокко Эл артисттердин, Эмгек сиңирген артисттердин көбү эле келишти. Эрмек көзү тирүүсүндө Аксуубай Атабаев менен үй-бүлөлүк катышыбыз бар болчу. Бул үйдө Аксуубайдын далай изи калды", - деген актриса.
Ал "Апамдын махабаты", "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Белгисиз маршрут", "Боз салкын" жана башка тасмаларга тартылып, театрда бир топ образдарды жараткан.
Балыкбаева Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле. Жолдошу 2015-жылы 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жаркын Балыкбаеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Актриса Жаркын Балыкбаеванын өкмөт берген үйүндө конокто

Жаткан жери жайлуу болсун,Жараткан бейиштен орун берсин..
Аттин,дагы жашаса болмок..жакындарына сабыр тилеймин.