super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина: "КСДПга коркутуулар болуп жатат. Күч органдары, саясий партиялардын ишине кийлигишүүнү токтоткула"

 

"КСДПга коркутуулар болуп жатат. Күч органдары, саясий партиялардын ишине кийлигишүүнү токтоткула". Мындай пикирин бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДПнын курултайынан кийин журналисттерге маалымат берип жатып айтты.

Ал КСДП партиясынын бүгүнкү курултайына аймактардан келген делегаттарды УКМКнын кызматкерлери коркутуп жатканын билдирди.

"Курултайда Баткенден келген делегаттар Бишкекке аттанарда үйлөрүнө күч кызматкерлери барышканын айтышкан. Биз партиянын коопсуздугу үчүн күч органдарына расмий кайрылганбыз. Күч органдары, саясий партиялардын ишине кийлигишүүнү токтоткула! Атамбаевди колдогондорго керек болсо иш козголуп жатат. Бирок ошол эле учурда мындай коркутуулар биздин туура жолдо бара жатканыбызды көрсөтүп жатат", - деди Карамушкина.

Аталган партиянын курултайы жабык эшик артында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: