super.kg logo

Япониянын бийлиги Камакура шаарындагы туристтик жайларда басып баратып тамактанууга тыюу салды. Аталган шаарга жылына 20 миллиондон ашык турист келет

 

Японияда туристтик жайларда басып бара жатып тамактанууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттин Камакура шаарында туристтер жүргөн көчөлөрдө басып баратып тамактанууга тыюу салган. Мындай тыюу ушул жылдын 1-апрелинен баштап кирген. Анткени аталган шаарга келген эс алуучулардын туура эмес жүрүм-туруму тууралуу жергиликтүү тургундар тарабынан көптөгөн арыздануулар келип түшкөн. Ошол себептен бул баш аламан тамактанууга бөгөт коюлган.

Жыл сайын Камакура шаарына 20 миллиондон ашуун турист келет. Бул шаар кичинекей, болгону 175 миң калк жашайт. Туристтер аталган шаарга байыркы сакталып калган эстеликтерди көрүү үчүн келишет. Мындан тышкары Камакуранын абасы жеңил, шаарды 3 жагынан токой курчап турат жана көз жоосун алган эс алуучу жайлар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: