Орусиянын ырчысы Юлия Началова 38 жашында каза болгон. Анын 12 жаштагы кызы апасынын өлүмүнөн кийин аза күтүүдөн чыга элек



Орусиянын ырчысы Юлия Началова ушул жылдын 16-мартында 38 жашында каза болгон. Анын кызы Вера Алдонина апасы каза болгондон кийин биринчи жолу коомчулукка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Веранын атасы Евгений Алдонин кызынын кара көйнөкчөн фортепианодо кайгылуу чыгарманы чертип жаткан видеосун өзүнүн Инстаграм баракчасына чыгарган. Ал фортепианодо мыкты ойноп, жакшы ырдайт.
"Кызым ушул учурга чейин аза күтүп, кара көйнөк кийип жүрөт. Ага азыр апасын жоготкон оор болуп жатат. Верага апаң каза болуптур деп айтуу өтө оор болду. Ал 12 жашта. Менин сүйүктүү жана таланттуу кызым, биз сени жакшы көрөбүз!", - деп жазган Евгений Алдонин.
Юлия Началова 11-мартта Москвадагы ооруканалардын бирине оор абалда келген. 16-мартта анын бутуна операция жасалып, абалы оорлошуп, кома абалында жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткырылган. Айрым басылмалардын маалыматы боюнча, абалынын оорлошуп кеткенине анын буга чейин төшүн чоңойтуу үчүн жасаткан пластикалык операциясы себеп болгон. Бул операция кандын бузулушуна алып келген. Ал эми кээ бир маалымат каражаттары Началова көп жылдар бою кант диабети, муун оорусунан (подагра) да катуу жапа чегип келгенин жазышууда. Ырчынын атасы кызынын өлүмүнө катуу абсцесс (ириңдөө) себеп болгонун билдирген.
Юлия Началова 1992-жылы "Утренняя звезда" сынагын жеңип алып, ырчылык карьерасын баштаган. Үч жылдан кийин "Ах, школа, школа" деген биринчи альбому жарык көргөн. Анын соңку клиптеринин бири "Я выбираю" өткөн жылы чыккан.
Юлия Началованын 12 жаштагы кызына апасын жоготуу оор болууда




1 |