super.kg logo

Түштүк Кореядагы чоң өрттөн келтирилген зыян эсептелип жатат. 500дөн ашуун гектар, 300дөй үй, 5 миллион доллар...

 

Корея Республикасынын президенти Мун Жэ Ин аталган өлкөнүн өрт чыккан Канвондо провинциясын кырсыктын өзгөчө аймагы деп жарыялады. Мындай макам берүү аталган аймакка жардам жеткирүүнү жеңилдетет. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Түштүк Кореянын чыгышында жайгашкан токойлуу Канвондо провинциясында 4-апрелде өрт чыгып, ал толугу менен кечээ өчүрүлдү. Соңку маалыматтарга караганда, тилсиз жоодон 1 адам каза болгон жана 10дон ашуун киши жаракат алган. Баш-аягы 500 гектардан ашуун аянтты жалмаган өрт 300дөй үйдү да жараксыз кылып, келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 5 миллион доллар деп бааланууда.

Өрттүн келип чыгышы жана анын тездик менен жайылышына катуу шамалдын себеп болгону айтылууда. Жол боюндагы трансформатордон чыккан оттун учкуну заматта эле жанында жайгашкан бак-даракка өтүп кеткен. Тилсиз жоого каршы күрөшүүгө 900 өрт өчүрүүчү транспорт каражаты, 10 тик учак, 13 миңден ашуун өрт өчүрүүчүлөр катышкан.



Адистер бул апаатты Түштүк Кореянын тарыхындагы эң чоң өрт деп билдирип жатышат. Ал эми мындай чоң кырсыктан аз зыян менен кутулушканы үчүн аталган өлкөнүн калкы бийликтин чукул түрдө көргөн аракети деп баалашууда. Ошондой эле тургундар өрт өчүрүүчүлөрдүн айлыгын жогорулатып берүүсүн сурап жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: