super.kg logo
  Саясат  

Депутат Карамат Орозова: "КСДП партиясы 3 президентти тарбиялап чыгарды"

 

Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратынын алдында КСДП партиясы Апрель революциясынын баатырларын эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Бул иш-чарага аталган партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Кыргыз мамлекетине тынчтык керек экенин билдирди.

"7-апрель мен үчүн майрам эмес, эскерүү күн катары кабыл алам. Мен ошол күнү Бишкекте болгон эмесмин. Анткени мени Алмазбек Атамбаев Баткенге координатор кылып жиберген.

Биз тынчтык, чындык үчүн күрөшөбүз. КСДП эл менен болгон. Ошондой эле биздин партия 3 президентти тарбиялап чыгарды. Чачыранды болбойлу, бир ууч болуп, элдин ынтымагын бекемдейли. Биз Сооронбай Жээнбековду өлкөнүн президенти катары тандадык. Эми андан биз мамлекеттин бүтүндүгүн сактоону, чек аранын бузулбоосун талап кылышыбыз керек. Өзү ичкен кудукка түкүрбөй, партиялаштарына кылган куугунтукту токтотушу зарыл. Жашасын социал демократтар партиясы!", - деди Орозова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: