super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Мага байлыктын кереги жок, аны Кудай мага 30 жыл мурун эле берген"

 

Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратынын алдында КСДП партиясы Апрель революциясынын баатырларын эскерүү иш-чарасын өткөрүүдө. Бул иш-чарага аталган партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев катышууда.

Иш-чараны Атамбаев "Медиа-Форум" имаратынын алдына 7-апрель окуясына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен баштады. Андан соң Апрель окуясында шейит кеткендерге багышталып куран окулду.

Атамбаев элдин ынтымагы үчүн азыр өлүп калууга даяр экенин билдирди.

"Мага байлыктын кереги жок. Аны Кудай мага 30 жыл мурда эле берген. Мени күнөөлүү кылуунун кереги жок. Мен дос деп жүргөн Сооронбай Жээнбековду 24 жыл ээрчитип жүрбөдүмбү. Мен чындыкты айтам. Азыр баары Атамбаевди жамандаганга даяр. Менин оозумду басууга эмне себеп болду. Рыскелдинин (ред. Рыскелди Момбеков) досуна 3 нерсе айткам. Коррупция менен күрөшө турган адам Райым миллион менен дос болбойт. Чимкиригин көтөрө албаган парламенттин депутаты мага акыл үйрөтөт. "Чимкирик парламент" десем арданышат. Биринчи чимкиригин тартып алып мага акыл үйрөтүшсө", - деди Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: