Борбор шаардагы 2 унаа токтотуучу жай рейд учурунда "санитардык талаптарды бузган" деп табылды
Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд жүргүзүп, Скрябин көчөсү 45 дарегинде жайгашкан унаа токтотмонун айланасында санитардык талаптар аткарылбагандыгы белгилүү болду. Унаатоктотмонун айланасына таштандылар баш аламан ташталып, шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптары сакталган эмес. Мындан сырткары 7-кичи райондогу Б.Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотмонун айланасында да санитардык талаптардын бузулганы аныкталып, тиешелүү жетекчилерге чара колдонуу үчүн документтер Октябрь районундагы комиссиянын кароосуна жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

