super.kg logo
  Спорт  

Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда ойноп жаткан Кыргыз курама командасына 4 техникалык жеңилүү жазылды

 

Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда ойноп жаткан Кыргыз курама командасына 4 техникалык жеңилүү жазылып, оюнчу Александр Титов дисквалификацияланды. Бул тууралуу Хоккей федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык Хоккей федерациясынын мындай кадамына Титовдун мурда Орусияда ойноп келгендиги себеп болгон.

"Буга чейин Кыргыз курамасы 4 беттеште жеңүүчү аталып, алдыда келе жаткан жана III дивизионго чыгуу укугу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына каршы ойномок. Бирок беттештин алдында уюштуруучулар кыргыз курамасына буга чейинки 4 оюн үчүн техникалык жеңилүү жазылганын жана Александр Титовдун беттештерден четтетилгенин билдиришти.

Титов мурда Орусияда ойногон. Биз аны биздин курама командада ойноосу үчүн уруксат сурап, 30-мартта эл аралык федерация тарабынан уруксат берилген. Уюштуруучулар 5-апрелде гана бул туура эмес экенин айтышып, биздин жеңиштерибиз жокко чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру 31-марттан баштап 6-апрелге чейин созулду. Мелдешке 6 өлкө катышып, кыргыз курамасы алгачкы 4 оюндун баарында жеңишке жетишкен. Ал эми талаа ээлери менен өткөн акыркы беттеште кыргыз хоккейчилери Александр Титовдун катышуусусуз 7:4 эсебинде жеңишке жетишти. Бирок техникалык жеңилүүнүн натыйжасында Кыргыз өлкөсү акыркы орунду ээлеп, Бириккен Араб Эмираттары III дивизионго жолдомо алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
07.04.2019. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайра эле арабтар. Футболду да ушинтип чырдап алып коюшкан. Ото эле начар экенсинер даже Адам эмес экен буларынар. Кээ бир молдо соройлорубуз кой десе болбой кийимин кийип араб мусулман деп кадырлап барктагандар билип алгыла.
08.04.2019. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rysik79,Эн туура
07.04.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Үлбүрөп-шөлбүрөп арабдын маданиятын, салтын жайылткан, арабды идеал туткан себейгендер мына арабдарың, кыргыз болуп , кыргыз кийимин кийип эле намаз окуса болот, кыргызча эле учурашып, кыргызча эле таң калса болот да, жадагалса эмоцияларынан бери арабча билдиришип, шөлбүрөгөн кийимдерин ххххх, ал кийимдер чөлгө ылайыкталган, биздин тоо ташка эмес
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-04-07 19:31:40
08.04.2019. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
din_tomas,Эн туура
07.04.2019. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эртереек айтышпайбы титовсуз деле женет элек,кар жаабаган олколорду, чемпионат мирада бир канадалыктар менен куч сынашат элек.
07.04.2019. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болуптур гой. Кыргыз элин тоготбой ушул акыбал болуп жатат. Откондо эле фудболдо да ушул эле корунуш болгон. Акаев,Бакиев,Отумбаева,Атамбаев,Жээнбековтор силерге наалат болсун! Кыргыз элин карызга батырып, авторитетти 0го тушургонунор учун...
08.04.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atanazarov10, алар оздору бийликти болуштуро албай убара
07.04.2019. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш биздин май баш чиновниктер ошону билишпейт бекен,башка өлкөнүн жараны ойногонго болбойт да, хоккей федерациясынын жетекчиси жооп берсин.
07.04.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озундагы майды алдырып жибериппиз арабтарга мне болду бу футболдо да да хоккейде да бут тосушат кыргыздарга.
08.04.2019. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Араптар адам эмес экен.
08.04.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шейхтер сатып алгвн тура
08.04.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул боюнча тиешелүү жерлерге кайрылып биздин хоккейчилердин жеңишин кайтарып жолдомону берүү керек дүйнө чемпиондугуна.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: