Ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментинин директору өлкөнүн 386 айылында ичүүчү суу жоктугун айтты
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев өлкөнүн 386 айылында ичүүчү суу жоктугун айтты. Бул тууралуу ал өкмөттүн жыйынында билдирди.
"Азыркы тапта өлкөнүн аймагында 1819 айыл бар. Алардын ичинен 267 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму 1960-жылга чейин курулган. Ал эми 386 айылда таптакыр жок. Анын маалыматы боюнча, айыл жергесинде калктын 35,5 пайыз ичүүчү суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес", - дейт ал.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Анын айтымында, 2001-жылдан 2011-жылга чейин 533 айылда суу менен камсыздоо объекттерин реконструкциялоого 70 миллион доллар жумшалган.
"Учурда 57 айылда суу менен камсыздоо объекттеринде кайра оңдоо жүрүп жатат. Бул коррупциялык механизмдердин бар экендигин айтып турат. Эски түтүктөрдү орнотуу фактылары бар жана бул үчүн эч ким жоопкерчилик албайт. Сапатсыз материалдарды пайдалануу бизди кайрадан оңдоого мажбур кылууда", - деди Абылгазиев.

Мечит салганга мен мусулман катары каршы чыгалбайм, туура бул жонундо пагаймбарыбыздын хадистери да бар.
Бирок азыр мамлекетибизге Кудайга шугур мечиттер жетиштуу.
А бала-бакча, мектеп, оорууканаларыбыз аябай эле жетишсиз, жолдорубуздун абалы мышык ыйлагыдай болуп турат. Мектеп, жол салууну да модага айландырсак жакшы болмок...