Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу митинг-реквиеми өтүп жатат





Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Актрисаны акыркы сапарга узатууга анын кесиптештери, өкмөт өкүлдөрү жана маданият ишмерлери келишти. Коштошуу сөзүн драматург, коомдук жана саясий ишмер Султан Раев алып сүйлөдү.
6-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган. Анын сөөгү бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Жаркын Балыкбаева Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы окуу жайда актёрлук чеберчилик боюнча сабак берип келген.
Ал Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болгон. Жолдошу 2015-жылы 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон.

Жайы жаннаттан болсун...эрте кетти бул омурдон,окунучтуу..
Кыргызча жакшынакай создорубуз бар го?!
Кыргыз ар нерсеге митинг созун кошуп бутмой болду го?! Олгонуно деле митинг, тируусуно деле митинг. Эми жакында нике-тун митинги деп соз колдонулуп калбаса экен...
Эжебиздин жайы жаннаттан болсун, оомииин...