Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү (видео)











6-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган. Анын сөөгү бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирген.
Министрликтин маалыматына ылайык, актриса бөйрөк оорусунан жабыркап жүргөн.
Учурда Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын алдында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ага Жаркын Балыкбаеванын кесиптештери, жакындары, курбулары, маданият өкүлдөрү, окуучулары келишти. Ал "Апамдын махабаты", "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Белгисиз маршрут", "Боз салкын" жана башка тасмаларга тартылып, театрда бир топ образдарды жараткан. Балыкбаева Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле. Жолдошу 2015-жылы 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон.
кошулду





1 |