super.kg logo
  Саясат  

Депутат "Мамлекеттик лотереялык ишкананын кереги барбы" деген суроо койду

 

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Алмасбек Акматов мамлекеттик лотереянын түзүлгөнүнө канча жыл болгонун сурады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев ишкана түзүлгөнүнө эки жыл болгонун айтты. Анын айтымында, компания түзүлгөндө бюджеттен 20 миллион сом которулган. Ал 1 миллион сом киреше түшкөнүн айтты. Акматалиев: "Сиздин маалыматыңыз жок экен. Ишкананын 13 миллион сом карызы бар. Компания түзүлгөндө 50 миллион сом которулган. Мамлекеттик лотерея ишканасы пайда алып келиши керек да. Бул иштебей жатат. Мыйзам боюнча, ал жакта иштегендер лотерея билеттерин сатып албашы керек. Бирок аларга айлык маянанын ордуна билеттерди берет экен. Бизге ушундай компания керекпи?", - дейт.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров аталган компанияга 50 миллион сом которгонун ырастады. "Бул каражат ошол жерде иштегендердин айлык маянасына жумшалган. "Ишкананын жалпы иши жакшы, элдин арасында жакшы пикирлер айтылып жатат. Бул компанияны жандантуу керек", - деди Аскаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: