super.kg logo
  Спорт  

Хоккей федерациясынын президенти: "Эл аралык федерациянын үстүнөн даттанабыз"

 

Кыргыз Хоккей федерациясы улуттук курамага техникалык жеңилүү жазылышы боюнча Эл аралык Хоккей федерациясынын үстүнөн даттанат. Бул тууралуу Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов бүгүн, 8-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз хоккейчилерине техникалык жеңилүү жазылуусу одоно эреже бузуу менен кабыл алынды.

"Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна катышуу үчүн ар бир команда алдын ала катышуучулардын тизмесин берет. Биз да эрежеге ылайык тизмени бергенбиз. Эл аралык Хоккей федерациясы биздин тизмеде эч кандай катачылык жок экенин айткан. Мелдеш башталып, бир нече оюнду жеңгенибизден кийин, биздин оюнчу Александр Титовдун ойноого укугу жок экендигин айтышты. Эгерде биз беттештердин баарында жеңишке жетишпесек, мындай маселе көтөрүлбөйт эле.

Титов боюнча айта кетейин. Кыргыз өлкөсүнүн курамасында ойноо үчүн, легионерлер акыркы 2 жыл ичинде өлкө чемпиондугунда ойношу керек. Ал 2 жылдан ашык убакыттан бери биздин өлкөдө ойноп келе жатат. Бирок 2017-жылы Орусияда 2 беттеш өткөргөн экен. Андан бери толук 2 жыл өтпөптүр. Бул жагдай боюнча Эл аралык Хоккей федерациясынын атайын комиссиясына кайрылып, алардын уруксатын алганбыз. Бирок биздин команданын күчтүү экенин көрүп, Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлдөрү даттанып чыгышты. Эл аралык федерация тандоо туруна катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүн чакырып, добушка койду. Албетте, биздин командадан жеңилип калган өлкөлөр бизге каршы добуш беришет да. Ушундай жол менен Эл аралык федерация өз катачылыгын башка өлкөлөрдүн колу аркылуу жууду. Жыйынтыгында мындай катачылыктын курмандыгы биз болуп калдык.

БАЭни жакшы билебиз. Алар ар дайым ушундай ыплас жол менен жеңишке жетүүгө аракет кылып келишкен. Мисалга жыл башында өткөн футбол боюнча Азия Чемпиондугун алсак болот. Калыстын жардамы менен кыргыз курамасын жеңип алышты. Андан кийин Катар өлкөсүнөн жеңилип калып, алардын үстүнөн арызданып жүрүштү. Биз үчүн мындай көрүнүш абдан өкүнүчтүү.

Биз муну жөн калтырбайбыз. Азыр Эл аралык Хоккей федерациясынын президентине кат жаздык. Андан жыйынтык чыкпаса, эл аралык Арбитраждык сотко кайрылабыз. Мындан сырткары Тышкы иштер министрлиги аркылуу да мүмкүн болгон жактардын баарына кайрылабыз", - деди Оморканов.

Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру 31-марттан баштап 6-апрелге чейин созулду. Мелдешке 6 өлкө катышып, кыргыз курамасы алгачкы 4 оюндун баарында жеңишке жетишкен. Ал эми талаа ээлери менен өткөн акыркы беттеште кыргыз хоккейчилери Александр Титовдун катышуусусуз 7:4 эсебинде жеңишке жетишти. Бирок техникалык жеңилүүнүн натыйжасында Кыргыз өлкөсү акыркы орунду ээлеп, Бириккен Араб Эмираттары мелдештин кийинки этабына жолдомо алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.04.2019. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арабтар качан тынч ойношчу эле, ошон үчүн казактар менен Турция Европага чыгып кеткен
08.04.2019. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягына чыккыла эми биздин хоккейчилер дүйнө чемпиондугунда ойнош керек
08.04.2019. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар жакшы ойноп жаткан эле. Көз тийбесин. Арабдар акчасына ишенген адамдар да.
08.04.2019. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арыздангыла жазгыла ар жака болбосо алар ушундай кылса болот экен деп кийин дагы женишибизди тартып алат.
09.04.2019. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка буткон балээ болду ушул арабдар. Ушулардын айынан кыргыз спорту арта калып калып жаткандай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: