super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Путин Кыргыз мамлекетинен жана Казакстандан аткезчилик жол менен товардын кирүүсүн өзгөчө текшерүү тапшырмасын берди. Бажы кызматы каякты карап отурасыңар?"

 

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Анда депутат Руслан Казакбаев Кыргыз мамлекетинен жана Казакстандан Орусияга аткезчилик жол менен товарлар кирип жатканы тууралуу маалымат чыкканын айтты.

Казакбаев 3-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин бул маселени дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасын Федералдык коопсуздук кызматына тапшырганы тууралуу маалымат ЖМКларына тараганын билдирди.

"Орусиянын президенти мындай тапшырманы берип жатса, Кыргыз мамлекетинин Бажы кызматы каякты карап отурасыңар? Мындай маалымат менен биздин өлкө уят болуп жатат. Ушул маселе боюнча Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдеги өкүлү менен байланыштыңарбы? Орусиянын бул айыптоосун моюнубузга алышыбыз керек "ооба" деп же жокко чыгарып, жооп берүү зарыл", - деди эл өкүлү.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Султан Мамасадыков бул маалыматты тактоо үчүн Кыргыз мамлекетинин Москвада өкүлү бар экенин билдирди.

Руслан Казакбаев: "Орусиянын президенти 4-апрелде берген тапшырмасын көрдүңөрбү? Бул түздөн-түз Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: