super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин Агрардык комитети өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты

 

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин комитетинде өкмөттүн 2018-жылы аткарган иши тууралуу отчёту каралды.

Баяндаманы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жасады. "2018-жылы өкмөттүн "Жаӊы доорго кырк кадам" программасынын максаттарын ишке ашыруу 90 пайызга, "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасынын максаттары 91,1 пайызга аткарылган. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүӊ продукциянын көлөмү 557 миллиард 1 миллион сом суммасында болду", - дейт ал.

Депутат Мирлан Бакиров жаӊак токоюн көбөйтүү боюнча атайын кабыл алынган токтомдун аткарылышына көӊүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошону менен катар жер тилкелерин трансформациялоо боюнча кабыл алынган мыйзамга жамынып алып, мурдагы күн менен жерлерди трансформациялаган фактылар бар экенин билдирди. Депутат Асылбек Жээнбеков мыйзамдардын аткарылышына токтолуп жер, жайыт салыктары толук чогултулбай жаткандыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчётун канааттандырарлык деп табуу боюнча чечим кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: