super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын саясий кеңешинин курамына Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов эмнеге кирбей калды? Партия өкүлү түшүндүрмө берди

 

КСДПнын саясий кеңешинин курамына Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов эмнеге кирбей калганы боюнча партия өкүлү Кундуз Жолдубаева түшүндүрмө берди.

"Бул алардын тандоосу. Фарид Ниязов жаңы муунга, жаңы жүздөргө жол берүү керек деп эсептейт. Биз Фарид Абилезимовичтен саясий кеңештин курамында болушун сурандык. Ал партиялык курулушка чоң салымын кошууну улантат. Ниязов Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана "Апрель" коомдук фондунун директору болуп кала берет. Ал эми Икрамжан Илмиянов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин партиянын ишинен четтеп туруу чечимин кабыл алган. Алар саясий кеңештин курамына кирбегени менен КСДПнын мүчөсү бойдон кала берет", - деп жазылат маалыматта.

КСДПнын съездинде партиянын саясий кеңешине 42 киши кирген, жакынкы күндөрү 13 мүчө аныкталары белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: