super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченко: "Убактым болуп калса сөзсүз "Ош базарын" кыдырам"

 

UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Бишкек шаарында маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Ал сөзүндө Бишкектеги "Ош базары" тууралуу кеп козгоп, аталган базарды убактысы болуп калса сөзсүз кыдырарын белгиледи.

"Мен Кыргыз жеринде төрөлүп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам. Менин бүгүнкү күндөгү жетишкен ийгиликтериме мекенимдин түздөн-түз таасири тийди деп эсептейм. Бош убактымда көп нерселер менен алектенгенди жактырам. Мисалы, ок атуу менен алектенген жагат. Андан сырткары тынчтыкты жакшы көрөм. Үйдө жалгыз отурганда тамак жасаганды, жакындарым менен баарлашканды жактырам.

Азыркы учурда мен үчүн биринчи орунда карьера турат. Карьера менен жеке жашоону биргеликте алып кетүү, албетте, мүмкүн. Бирок менин оюмча, экөөнү чогуу алып кеткен учурда же ары эмес, же бери эмес болуп калат. Ошондуктан азыр жеке жашоо тууралуу ойлонууга эрте.

Бишкекте кооз жерлер көп. Алардын арасынан "Ош базары" менин жүрөгүмө жакын. Бул жакта бир жума болом, эгерде убактым болуп калса, сөзсүз түрдө "Ош базарын" кыдырам. Бир нерсе сатып алуу үчүн эмес, жөн гана ал жактын атмосферасын сезүү үчүн. "Ош базары" жөн эле базар эмес, биздин маданиятыбыздын бир бөлүгү деп ойлойм. Ысык-Көл сыяктуу эле мен үчүн "Ош базары" да мекенимдин кооз жерлеринин катарына кирет", - деди Шевченко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
08.04.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ош базар кобуно эле жакса керек.Озуно керектуу баардык нерсе ошол жакта.Дордойдо жок нерсе,ош базарда бар.Аламедин менен Орто-Сайга караганда арзан.Эжебиз жон эле кыдыргысы келсе,биз соода кылып,кыдырганды жакшы коробуз.Ош базардын авторитетин которгону учун 5
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-08 17:54:37
08.04.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Хе-хе)))
Ооба, кыдырып кел. Кулиева кочосунон баштасан сейилдоону, корбогондун баарын коросун)))
08.04.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Красавица
08.04.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен 3 айга кетип Ош базарыннын элесин сагынган элем. Туулган жердин топурагы алтын...!
08.04.2019. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап сагынасын эки жыл келбей жургон элем Бишкеке. Келсем, беш сары сити курулуп калыптыр. Суйунот экенсин
08.04.2019. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандын бардык жери жакшы молодец Валентина
09.04.2019. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына жонокойлук бизде Ош базарга бардым дегенден уялышат
09.04.2019. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да негедир Ош базарын кыдырган жагат. Чан, тополон болсо да, озгочо момо жемиш саткан жагын ар барганда кол тийип калса айланып чыгам. Мындайды алыста жургондор тушунсо керек. Элдин ызы чуусу, бир озунчо Валя айтмакчы атмосферасы башка да. Же студенттик кундорду эске салабы тушунбойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: