super.kg logo
  Спорт  

UFC`нин чемпиону Валентина Шевченко күйөрмандары менен жолугушту (видео)

 

Валентина Шевченко туулган жерине болгон сапарынын алкагында бүгүн, 8-апрель күнү саат 14:00дө журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөн. Эми күйөрмандары менен соода борборлордун биринде жолугушуп жатат. Ошондой эле 9-апрелде Ош шаарындагы борбордук аянтта күйөрмандарына жолугат.

Мушкер акыркы жолу Кыргыз өлкөсүнө 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.

Валентина Шевченко 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. UFС уюумунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда турат.

Апасы Елена Шевченко таэквондо менен машыккандыктан кыздары Валентина менен Антонина дагы спортко жакын болуп өсүшкөн. Валентина 5 жашында спорттун ар кайсы түрү менен машыгып, 6 жашынан эле мелдештерге чыга баштайт.
Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны октон күлүк, темирдей катуу кылып тарбиялап чыккан.
Валентина Шевченкого муай тайдан Кыргыз өлкөсүндө, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валентина Шевченко дзюдо боюнча "Кыргыз Республикасынын Спорт чебери" аталган. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алган. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында "Орусиянын чемпиону" аталган. Семинарлардын биринде Перудан баш тартылгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган. Учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргыз мамлекетинин желектерин көтөрүп чыгат.

Шевченко 2018-жылдын декабрь айында өткөн соңку беттешинде польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон. Анын кийинки беттеши 9-июнда АКШлык Жессика Айга каршы өтөт.

Мушкер акыркы жолу Кыргыз жерине 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
08.04.2019. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят (((( иии бетим, кандай болгон учурда да Кызга кантип Бакай калпак Чапан жаптынар?!, намысы деген барбы??? Бети жоктор мне за вас обидно!
08.04.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
FC-Abdish-ata, Калпак кийгизе тургандар элди уурдап чет олкодо качып журсо жабат да .Аларга караганда бул кыз жуз эсе оодо тт.Эркектер кыла турган ишти жасады кыргыздын желегин бийик которуп журот.
08.04.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Токоч таратылат деп коюш керек эле да))
09.04.2019. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karona12, Бекер токоч деппи:)))) анда толтура эл келсе керек да жепутаттары баш болуп
08.04.2019. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Миңдеген көрүүчүлөр келди го супер инфо? чыныгы талантты баалагандар бардык..
08.04.2019. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул же где Валентинанын чыныгы Куйормандары барганда ал Тиматиге болсо Тааныганыда тааныбаганыда бургер жегели барган)
08.04.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
просто бугун жумуш кун болгондуктан аз болуп калды окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: