Шевченконун башына бакай калпак кийгизилип, үстүнө чепкен жабылды
Мушкер Валентина Шевченко күйөрмандары менен жолугушуу учурунда башына калпак кийгизилип, үстүнө чепкен жабылды. Жолугушуу Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде өтүп жаткан.
Интернет колдонуучулар социалдык түйүндөрдө бул аракетти сынга алып башташты. Айрымдары "аягында баарын өлтүрүштү. Аял кишиге бакай калпак кийгизип, чепкен жапканды биринчи жолу көрүшүм" деген пикирин калтырса, башкалары да "кыз киши катары сыйлап алуу үчүн кыргыз аялдарынын улуттук кийимдерин таппай калдыңарбы?" деген сөздөрүн жазышууда.
Азырынча Шевченкого ак калпак кийгизилип, үстүнө чапан жабуу ким тарабынан уюштурулганы белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Уйуштурган кишини башына жолук салса кандай болмок
Уят!
да. Эр таймаштын турундо чемпион болсо кооп жолку. Даагы UFCнин абсолют чемпиону казак озбектердин ичтери куйуп жатса. Гимнастика, фигурн катание болбосо жээ сулуулар сынагын женип келсе маакул эле. Анча мынча эркекти жыга чапкан Валябызга калпак кийгизсе кийип коюптур. Анча кыйналбагыла тазза эле жаман жагын карап айтып. Элге эшен жаккан эмес деген соз бекер соз эмес да озу.
Главное Валентина мы тебя любим и дорожим, спасибо тебе !!!